Ысык-Көл: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Бажы кызматтарынын жетекчилери жыйынга чогулду

© Sputnik / Жантай МакеновЫсык-Көл облусунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-отуруму өтүп жатат
Ысык-Көл облусунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-отуруму өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Иш-чарага Армения (онлайн), Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын бажы органдарынын өкүлдөрү катышууда.
ЫСЫК-КӨЛ, 28-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 43-отуруму өтүп жатат.
Иш-чарага Армения (онлайн), Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын бажы органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Күн тартибине маанилүү 16 суроо киргизилген. Анын ичинде навигациялык пломба, жеке колдонуу үчүн каралган автоунаалардын тизмесине толуктоолорду киргизүүгө байланышкан маселе бар.
Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Давыдов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүндө транзиттик ири потенциал бар экени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0