Курулуш компания банкка карыз болуп, элге саткан 14 үйү талашка түштү. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАчкыч. Архивдик сүрөт
Ачкыч. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги баш калкалоочу жайынан ажырап калуу коркунучунда турган жарандардын пикирин угуп, экинчи тараптын да жообун алды. Банк курулуш компаниядан үч жылдан бери карызын өндүрө албай жатканын айтууда.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте "ОргТехСтрой" курулуш компаниясынан 14 батир сатып алган жарандар жакында көчөдө калуу кооптуулугу турганын айтып кайрылуу жасашты.
Маалыматка ылайык, алар 2017-жылы беш жылга бөлүп төлөө жолу менен Лев Толстой көчүсү, № 242А дарегиндеги көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батирлерди алышкан. Жашоочулар былтыр толугу менен төлөп кутулган, бирок компания документин өткөрүп бербей жаткан.
Ал эми 21-сентябрда "Кыргызстан" коммерциялык банкы тургундарга кат жөнөтүп, үйлөр "ОргТехСтрой" тарабынан күрөөгө коюлганын жана кредитин убагында төлөй албай калганын билдирген. Андыктан беш күндүн ичинде 14 турак жайды бошотуп коюуну талап кылганын айтышты.
"ОргТехСтрой бизге айтпастан үйлөрүбүздү банктын балансына өткөрүп берип коюптур. Аны банктан кат келгенде билип жатабыз. Биз келишимдеги шарттардын баарын аткарып, сумманы толук төлөдүк. Анан кантип үйүбүздү бошотуп беребиз? Бул жерде жалаң көп балалуу үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашайт. Алар кайда барат? Биздин укугубузду коргоп берүүңүздөрдү суранабыз. Компания эч кандай чара көрбөй жатат", — деди жашоочулардын бири Самара Абдрахманова.
Бул жагдай боюнча "ОргТехСтрой" курулуш компаниясынын директорунун кеңешчиси Манас Эсенгул уулу жооп берип, жашоочулар көчөдө калбай турганын убадалады. Ал банк акчасын эртерээк алыш үчүн жашоочуларды дүрбөлөң кылды деп эсептейт.
"Бул башында банкта сатылбай, өтпөй турган объект болгон. Банк биздин компанияга объектини алып иштетүүнү өздөрү сунуштаган. Демек, биз үйлөрдү күрөөгө коюп кредит алган эмеспиз, алардын объектисин кредит катары алганбыз. Анан бир бөлмөлүү үй кылып, ремонтун ачкычына чейин жасап, социалдык долбоор катары аз камсыз болгон жарандарга беш жылга бөлүп төлөө менен бергенбиз. Бир чарчы метри 313 доллардан 500гө чейин болгон. Бүгүнкүгө чейин төлөп бүтө электер бар. Банк дагы акчасын эртерээк алыш үчүн жашоочуларды дүрбөлөң кылайын деген окшойт. Жашоочулар үйүнөн чыгарылбайт, жаңы жылга чейин карызды жаап, банктан документтерин алып беребиз", — деди Эсенгул уулу.
Ошондой эле ал чынында компаниянын каржылык абалы оор экенин, көйгөйдү дароо чечүүгө чамасы жетпей турганын моюндады. Бирок акырындык менен аракет кылып жатышканын белгиледи.
Ал эми "Кыргызстан" коммерциялык банкы аталган курулуш компаниясынан үч жылдан бери кредиттик карызын өндүрө албай жатканын билдирди.
"ОргТехСтрой" ААКтын алган кредитинин суммасы бир нече миллион сомду түзөт, учурда анын жарымы төлөнбөй жатат. Курулуш компаниясы насыя төлөө келишиминин шарттарын бузган, буга байланыштуу соттун чечими чыгып, 14 батир банктын менчигине өткөрүлдү. Биз жашоочулар оор кырдаалга туш болгонун түшүнүп жатабыз, "ОргТехСтрой" үй алып жаткандарга күрөөдө турганын эскерткен эмес окшойт. Андыктан маселени ар бири менен жеке тартипте карап, чечүү жолдорун караштырууга даярбыз. Биз дагы жашоочулар сыяктуу эле баары укуктук талаада чечилишине кызыкдарбыз", — деп билдирди "Кыргызстан" банкы.
Ошондой эле финансылык мекеме объектинин курулушун бүткөрүүгө берилген кредитти "ОргТехСтрой" максатсыз колдонуп жибергенин белгилеп, анын кесепетин жашоочулар менен банк тартып жатканын кошумчалады.
Куруучулар иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
КРде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо иштелип чыкты. Урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0