Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзамды кабыл алуу мезгили келди. Ашимованын маеги

© Sputnik / Денис Асланов / Медиабанкка өтүүБиологиялык коркунучтун эскертүү белгиси. Архив
Биологиялык коркунучтун эскертүү белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Учурда биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Депутаттын айтымында, бул жаатта мыйзам жок болгондуктан эч кандай көзөмөл жүргүзүлбөйт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова болду. Биз эл өкүлү менен биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоорунун мааниси, максаты жана эмне маселелерди камтый турганы тууралуу сүйлөштүк.
— Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоору туурасында айтып берсеңиз? Эмнелерди камтыйт?
— Негизи мурда эле кабыл алышыбыз керек болчу. Себеби Кыргызстан 2005-жылы биологиялык коопсуздук боюнча Картахен протоколуна кошулган. Анда бир нече өлкө чогулуп, биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулуучу чаралар жана бири-бирине кандай милдеттенмелери бар экени каралган. Мыйзам кабыл алынбагандыктан бүгүн аскерий жаатта, азык-түлүк, тамак-аш тармагында көп көйгөйлөр болууда. Анын актуалдуулугу бардык чөйрөлөрдү камтыйт. Буга биздин ден соолугубуз, балдардын жана репродуктивдүү курактагылардын коопсуздугу да кирет. Азыр жаңы технологиялар менен катар тамак-аш гана эмес, айрым вирустар улам өзгөртүлүп жасалууда. Азык-түлүктүн курамын байытып, сакталыш мөөнөтүн узартуу үчүн көптөгөн гендик-инженердик өзгөртүүлөр киргизилет. Азыр эмне жеп жатабыз? Эч ким так айта албайт. Байкасаңыз, базардагы жер-жемиш айлап бузулбай тура берет. Анын курамынан, организмге жасаган таасиринен кабарыбыз жок. Ошол эле учурда жаш кыздарда онкологиялык оорулар көп аныкталууда. Мектеп жашындагы балдар инсульт, инфаркт болуп жатат. Эч кандай тескөө, текшерүүлөр жүрбөйт. Импорттолгон тамак-аш, азык-түлүк кайдан, кантип келип жатканы белгисиз.
Экинчиден, өлкөдө сибирь жарасы, кутурма өңдүү ооруларды изилдөөчү биолабораториялар бар. Алардын жүргүзүп жаткан иштерин мыйзамдын негизинде изилдеп, текшерип турушубуз керек. Анткени бул өтө кооптуу нерсе. Биологиялык куралдарды табуу, изилдөө да кыйын. Кудай сактасын, Кыргызстандын аймагында андай куралдар колдонулса, аны тактоочу лабораториялар менен кесипкөй адистерибиз деле жок. 2005-жылдан бери канчалаган чоң иштерди аткарсак болмок, бирок кеч болсо да мыйзамды киргизип, жолго коюу максатында долбоорун сунуштадым.
© Sputnik / Асель СыдыковаАшимова: азык-түлүктүн курамын байытып, сакталыш мөөнөтүн узартуу үчүн көптөгөн гендик-инженердик өзгөртүүлөр киргизилет. Азыр эмне жеп жатабыз? Эч ким так айта албайт
Депутат Динара Ашимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Ашимова: азык-түлүктүн курамын байытып, сакталыш мөөнөтүн узартуу үчүн көптөгөн гендик-инженердик өзгөртүүлөр киргизилет. Азыр эмне жеп жатабыз? Эч ким так айта албайт
— Жогорудагы маселелердин баарын чечүүгө бир мыйзам долбоору жетиштүүбү?
— Биздин мыйзам талаасында биологиялык заттарды өзгөртүү, биологиялык лаборатория, коопсуздук, стандарт деген түшүнүктөр жок. Ушул мыйзамды өткөрүп алгандан кийин анын негизинде бир нече мыйзам келип чыгышы керек. Саламаттыкты сактоо жагынан, аскердик чөйрөдө, айыл чарба министрлиги жана суу дагы башка тармактар боюнча туунду мыйзамдар чыгышы керек. Эсептесем, дагы 17 мыйзам жазып чыгуу кажет. Учурда эксперттер менен иштер жасалууда. Ансыз практика жүзүндө эч нерсе аткарылбай, кагаз бетинде калып калат.
— Лабораториялык куралдар тууралуу сөздөр көбөйө баштады. Биздин бир катар коңшуларыбызда Батыштын биологиялык лабораториялары бар. Мындан мыйзамдарыбыз менен коргоно алабызбы?
— Азыр эң чоң коркунуч — биологиялык курал. Мындай лабораторияларды стандартизациялоо да оор. Себеби бул жерде адамзат түшүнө элек көп нерселер бар. Лабораторияларды кооптуу жакка пайдаланып кетпеш үчүн эң биринчи мыйзамга стандарттарды киргизип алуу керек. Стандарттар кирбегени үчүн коңшуларда биолабораториялар пайда болуп жатат. Биздикиндей кичинекей өлкөлөргө чоң мамлекеттер биолабораторияларын жайгаштырууга аракет кылат. Биологиялык курал деп укканыбыз менен эл аны жакшы түшүнбөйт. Бизде бул жагынан боштук болуп калган. Мисалы, союз кезинде лабораториялык куралдан кантип коргонуу керектигин жана анын маанисин окутчу. Биз болсо коронавирустан сактануу эрежелерин, бет кап кийүүнү да үйрөнө албай кыйналдык го. Пандемия маалында мамлекеттик резервдер, МАИ кызматы, мектептер кандай шартта иштеши керектиги боюнча стандарттар жазыла элек. Биологиялык кооптуулук жаралганда адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн тезинен протоколдорду түзүү керек. Кооптуу жагдайда механизмдери иштей турган мыйзамдар, сапаттуу инструкциялар киргизилиши заман талабы. Коңшулар "биолабораториялар изилдөө үчүн керек, вирус келсе аны иликтешибиз керек" деген түшүндүрмөлөрдү берип жатышат. Бирок бул канчалык деңгээлде чын экенин билбейм.
— Пандемияда медицина кызматкерлери коргонуучу костюмду да туура кие албай кыйналганы маалым. Эгер өнүккөн өлкөлөрдөн бизге келип лаборатория сала турган болсо аларга тең ата жооп берип, билими жетиштүү, маселеге тиши өткөн, лабораториянын пайда-зыянын аныктай ала турган адистер барбы?
© AP Photo / Andrew HarnikАшимова: мектеп жашындагы балдар инсульт, инфаркт болуп жатат. Эч кандай тескөө, текшерүүлөр жүрбөйт
Медицинский исследовательский институт инфекционных заболеваний армии США в Форт-Детрик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Ашимова: мектеп жашындагы балдар инсульт, инфаркт болуп жатат. Эч кандай тескөө, текшерүүлөр жүрбөйт
— Биологиялык коопсуздуктарды ишке ашыруу үчүн биз эл аралык келишимге мүчөбүз. КМШ уюмундагы өлкөлөр бири-бирибизге илимий-практикалык жактан жардам көрсөтүүгө милдеттүбүз. Өзүбүздө деле потенциал бар. Бирок акыркы кезде окумуштууларыбыздын дараметине деле көңүл бура албай калдык. Бул мыйзам долбооруна чет өлкөлүк илимий институттардан тажрыйбалуу эксперттерди чакыртабыз. Учурда каржысы чечилүүдө. Президенттин алдында биокоопсуздук боюнча кеңеш болушу керектиги мыйзамга киргизилүүдө. Анткени мыйзам башкы кол башчынын көзөмөлүндө болсо иштеп кетет. Азыр биздин генофондго терс таасирин берүүчү кандай гана азыктар сатылып жатат. Мунун баарын текшерген адам жок. Демек, биологиялык куралы жок эле улут талкаланууда. Биологиялык коопсуздук жаатында билимсиз муун пайда болду. Ортодо 18 жыл бул жаатта эч кандай окутуулар, билим берүү болгон эмес.
— Азыр көптөр электрондук тамеки, вейп чегип жатышат. Анын курамында 400дөн ашык түрдүү химиялык заттар бар экени айтылган. Ошол эле энергетик суусундуктарда да химикаттар абдан көп экен. Ушул себептерден улам жаштардын турган жерден эле жүрөгү токтоп же дагы башка олуттуу зыян тарткан учурлар бар. Аталган мыйзамдын арты менен булардын баары тескөөгө алынабы?
— Биологиялык коопсуздук менен химиялык коопсуздук экөө эки башка мыйзамда каралышы шарт экен. Бул мыйзамды жазып жатып ушул көйгөйгө биз да туш болдук. Учурда кесиптешим Камила Талиева да химиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоорун өзүнчө карап жатат. Алгач анын зыяндуулугун аныктап, негиздерин тактасак, анан тыюу салып, Бажы кодекстерине да өзгөртүүлөрдү киргизет элек. Ошол эле дарыканаларда сатылып жаткан дары-дармекти көзөмөлгө алуу керек. Себеби химиялык баңгизаттарды айрым дарылардан жасап коюшат экен. Бул дагы өзүнчө иш жүргүзө турган чоң багыт.
— Ал эми желимден жасалган тамак-аштар кайсы жагына кирет?
— Биологиялык коопсуздукка тирүү организмдин баары кирет. Аны өзгөртүү менен зыянга учуратып коюуга болот. Кооптуусу — вирустарды адамды жок кылуучу курал катары колдоно алышат. Бирок биологиялык коопсуздук менен химиялык коопсуздук экөөнүн камыр-жумур келип калган да жерлери бар. Мисалы, желимден жасалып жаткан күрүч — химиялык коопсуздукка кирет. Химиктерди чакырып, баарын кайрадан талдап чыгууга туура келди. Мал чарбачылыгында да эки коопсуздук аралашып кетет. Анткени этти химиялык заттар менен кургатып зыяндуу тамак-аштар жасалышы ыктымал же тоют зыяндуу кошулмалар менен даярдалышы мүмкүн. Ушунун баарын камтыган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Буга кошумча, химиялык коопсуздук да бар. Фармкомпаниялар көп дарыларды бизде сынактан өткөрүшөт экен. Буга бөгөт жок. Муну карабаганыбыздын себеби — мыйзамдарыбыз чийки. Канча жылдан бери мындай маселелер көтөрүлгөн эмес. Ошол эле фермерлердин маңдай тери менен өстүргөн түшүмүн чет мамлекетке киргизбей төгүп салышууда. Анткени биз тамак-аш коопсуздугун караган эмеспиз. Мындан канча экономикалык зыян тартып калуудабыз. Туризмди өнүктүрөбүз дейбиз. Бирок келе турган туристтер азык-түлүк жагын дыкат текшерет. "Силер эч кандай экологиялык таза мамлекет эмессиңер. Канчалаган азык сырттан келет экен. Эч текшербей эле киргизип жатасыңар" деп коюшу мүмкүн. Мунун арты менен өзүн-өзү сыйлаган бай туристтерден кол жууйбуз.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАшимова: өлкөдө сибирь жарасы, кутурма өңдүү ооруларды изилдөөчү биолабораториялар бар. Алардын жүргүзүп жаткан иштерин мыйзамдын негизинде изилдеп, текшерип турушубуз керек
Депутат Жогорку Кенеша Динара Ашимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Ашимова: өлкөдө сибирь жарасы, кутурма өңдүү ооруларды изилдөөчү биолабораториялар бар. Алардын жүргүзүп жаткан иштерин мыйзамдын негизинде изилдеп, текшерип турушубуз керек
— Бул мыйзам долбоору кабыл алынып, анан туунду мыйзамдар жазылып процесс башталгыча коңшуларга курулган биолабораториялар бизге да кирип кетпейби деген коркунуч бар. 2021-жылдан тарта Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирустун элге тийгизген таасирин иликтөөчү борбору иштеп жатат. Нарынга да америкалык референс-лаборатория курулганы жатыптыр деген сөздөр бар...
— Бул абдан олуттуу суроо. Мыйзамдар кабыл алынганга чейин механизм жок болгондуктан лабораториялар курулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Мыйзам толук ишке киргиче бир-эки жыл бар. Ошол себептен мен биокоопсуздук жагынан сөз бере албайм. Өнүгө турган өлкө мындай мыйзамдарды жолго коёт. Кичинекей мамлекет болгондуктан мунун таасири дароо байкалат. Ошол себептен алдын алуу керек. Ал эми азыр иштеп жаткан лабораториялар максатын, иш процессин өзгөртүп албашы үчүн тездетишибиз керек. Келечегибиз, улуттун коопсуздугу, балдарыбыздын ден соолугу ушул мыйзамга байланышкан. Финансисттерди чакырып мыйзамдын иштеп кетүүсүнө канча каражат кетерин жана анын канчасы донорлордон, канчасын мамлекеттин бюджетинен алууга болорун эсептеп чыгабыз.
— Өзүңүз билгендей, депутаттардын арасында ар кандай уюмдар менен иштешкендери да бар. Алар биолабораторияларды Кыргызстанга курбоого каршы жеке кызыкчылыгын көздөгөн аймактардын саясатын жүргүзүшү мүмкүн. Ушундай каршы пикирин билдирген кесиптештериңизге туруштук бере аласызбы?
— Даярданып жатабыз. Аябай актуалдуу, тез арада чечүү керек болгон маселелерди талкуулоо үчүн кеңеш түзгөнбүз. Ага активдүү депутаттар, тиешелүү министрликтер мүчө. Бул мыйзамды да кеңеште карадык. Муну аягына жеткирүү үчүн ар бир депутатка түшүндүрүү керек экен. Анткени баарында бала-чака бар. Биокоопсуздук аларды да ойлонтот. Канчалык популист же ким болбосун, коопсуздук маселеси биинчи орунда турат. Ошондуктан 30 демилгечи болсо мыйзам дароо эле өтөт.
Майыптыгы бар кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?
Жаңылыктар түрмөгү
0