Ташкент шаарында катуу жарылуу болду. Видео

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү. Архивдик сүрөт
Өрт өчүрүүчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Кырсыктан жабыркагандар ооруканаларга жеткирилип, алардын саны такталууда.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ташкент шаарында катуу жарылуу болгонун Sputnik Өзбекстан билдирди.
ИИМдин маалыматына караганда, кырсык кампадан чыккан. Объект "Интер Логистика" компаниясына таандык экени айтылды.
Жергиликтүү ЖМКлар анын электр автоунааларынын аккумуляторлору сакталган бажы кампасы экенин жазышты.
ӨКМдин маалыматы боюнча, "Курувчилар" кичи районундагы жарылуу тууралуу кабар аларга саат 02:43тө түшкөн. Аталган аймакка өрттү өчүрүүчү жана куткаруучу 16 бригада, атайын үч техника чыгып кеткен. Кырсыктан жабыркагандар ооруканаларга жеткирилип, алардын саны такталууда. Каза болгондор тууралуу маалымат жок. Жарылуу болгон кампанын жанындагы имараттар да талкаланган. Ал катуу болгондуктан күчү 30 чакырымга чейин сезилген.
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам көз жумду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0