30-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир АстапковичЖамгырдуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Жамгырдуу аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
30-сентябрда түнкүсүн бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +9...+14 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +20...+22 жана Ош шаарында +21...+23 градусту көрсөтөт.
Бишкекте суук түшкөндө кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Катуу суук түшөбү? Октябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0