Министр: Борбор Азияда Кыргызстандын экономикасы эң ачык деп эсептелет

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кыргызиндустрия" ААКнын кызматкери. Архив
Кыргызиндустрия ААКнын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Министр үч жыл мурдагы окуялар (коронавирус, өнөктөштөргө жасалган экономикалык басым жана климаттын өзгөрүшү) көп нерселерге үйрөткөндүгүн, экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн жаңыча баалоону талап кылып жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы Борбор Азиядагы эң ачык экономика. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин IX отурумунда билдирди.
Аталган иш-чарага КМШга мүчө-мамлекеттердин экономика жана коммерция министрлери катышты.
© Фото / пресс-служба Минэкономики КРЗаседание Совета по промышленной политике СНГ в Бишкеке
Заседание Совета по промышленной политике СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Амангелдиевдин пикирине караганда, өнөр жай жана айыл чарбасы сыяктуу багыттар негизинен экспортко негизделген. Министр ыкчам чаралар экономикадагы өнөр жай боюнча кырдаалды оңдоду деген пикирин билдирди.
"Пандемия менен Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнө жасалган экономикалык басымдарга карабастан, акыркы беш жылда республикада өнөр жай тармагы оң тенденцияны көрсөтүп жатат", — деди Амангелдиев.
Ал акыркы үч жыл мурдагы окуялар (коронавирус пандемиясы, өнөктөштөргө жасалган экономикалык басым жана климаттын өзгөрүшү) көп нерселерге үйрөткөндүгүн, келечекти, экономиканын мүмкүнчүлүктөрүн жаңыча баалоону талап кылып жатканын кошумчалады.
Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда.
Эске салсак, быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.
Заводдогу жумушчулар Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0