Кыргызстанда жылына 20 миңдей аял боюнан алдырат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги гинекологдун кабинетиндеги отургуч. Архив
Бишкектеги гинекологдун кабинетиндеги отургуч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы 19 жашка чейинки 1200 кыз боюнан алдырган.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда түйүлдүктү бойдон алдыруу кыз-келиндер арасында кенен жайылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Борбордун билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө жылына 20 миңге жакын аял боюнан алдырат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы 19 жашка чейинки 1200 кыз аборт жасаткан.
Дарыгерлер бойдон алдыруу – оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин эскертишти.

"Андан кийин кыз-келиндердин боюнда болсо да айы-күнүнө жетпей түшө берет. Мындан тышкары, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруларына алып келиши мүмкүн, ал эми жаш кыздар кийин төрөбөй калышы ыктымал", — деп айтылат борбордун маалыматында.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Үй-бүлөнү пландаштырууда жубайлар эмнеге маани бериш керек? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0