Каржы пирамидасы, криптовалютадан көрө баалуу кагазга акча салган оң. Маек

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБиткойн криптовалютасын логотиби менен сувенирдик монета. Архив
Биткойн криптовалютасын логотиби менен сувенирдик монета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
2025-жылы ЕАЭБ алкагында бирдиктүү биржа рыногун түзүү мерчемделген. Учурда уюмга кирген өлкөлөрдүн ичинде бирдиктүү баалуу кагаздар жана товардык биржа түзүү максатталууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев болду. Биз ЕАЭБ алкагында бирдиктүү биржа рыногун түзүү аракеттери тууралуу сүйлөштүк.
— Бирдиктүү биржа рыногун түзүүгө даярдыктар кандай?
— ЕАЭБ алкагында бирдиктүү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү мерчемделүүдө. Ал уюмдагы мамлекеттердин фондулук биржаларынын тыгыз иш алып баруусу аркылуу ишке ашат. Маселен, Кыргызстандын компаниясы Кыргыз фондулук биржанын листинг тизмесине кирсе уюмга мүчө-өлкөлөрдүн биржасына чыга алат. Учурда Казакстан, Россиянын компаниялары Кыргыз фондулук биржасына чыга турган болсо мамлекеттик финансылык көзөмөл тарабынан баалуу кагаздарын каттоодон өткөрүп, анан биржага чыгат. Бирдиктүү баалуу кагаздар рыногу түзүлсө бул процесс кыскарат. Мунун жакшы тарабы — компанияларга уюмдун алкагында инвестиция тартууга жол ачылат. Ошондой эле Кыргыз фондулук биржага уюмга мүчө-мамлекеттердин компаниялары чыкса жергиликтүү компаниялар инвестициясын көбөйтө алат. Кыргызстандын биржа инфраструктурасын уюмга мүчө-мамлекеттердикине теңөө зарыл. Анткени айырма бир топ. Мындан тышкары, бирдиктүү товардык биржа түзүү боюнча процесс жүрүүдө. Бул багытта бир нече сунуш талкууланып жатат. Биржадан келишим түзүүдөн тартып, аны ээсине жеткиче коштоо боюнча иш алып баруу зарыл. Биздин адискөй брокерлер да чет элден келгендерге татыктуу тейлөө көргөзө алышы керек. Товардык биржа жаатында бизде тажырыйба аз. Мисалы, Өзбекстанда тизмеге кирген 57 товар жана чийки зат "бир гана биржада сатылат" деген токтом чыккан. Алардын көлөмү былтыр 13 миллиард доллардан ашыптыр. Беларусь, Өзбекстан жана Казакстанда биржалык товарлар институту абдан өнүккөн. Анда биржа аркылуу товарлардын рыноктук баасын онлайн көрүүгө болот. Бизде Юстиция министрлигинин сайтына кирип "товардык биржа" деп жазсаңыз жайнаган биржалар чыгат. Алардын эмне иш аткарып жатканын эч ким деле билбейт. Себеби товардык биржада иш алып баруу үчүн мамлекеттен лицензия алып кереги жок. 2022-жылга чейин бул тармакты ким көзөмөлдөп, ички өнүктүрүү ишин ким жүргүзөрү да ачык суроо болуп келген. Бул тармакта бизде бир топ тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар бар. Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө чоң-чоң компаниялар иштейт, алардын дүң продукциясын экспортко чыгарууну биржага буруп койгон. Буга алар аз-аздан тажрыйба топтоп жетишишти. Ал эми бизде биргелешип иштөө үчүн товардык биржа же инфраструктура жок. 2025-жылга чейин инфраструктура түзүп жетишип калуу үчүн 2022-жылы Кыргыз фондулук биржасында 778 миллион сомго товардык сектордо (кызылча жана ак кант боюнча) келишим түзүлдү. Азыр айрым товарларды милдеттүү түрдө биржа аркылуу сатуу пландалып жатат.
© Sputnik / Асел АкматНазаралиев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү мерчемделүүдө
Президент Кыргызской фондовой биржи Медет Назаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Назаралиев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү мерчемделүүдө
— Буга чейин электр энергиясын да биржадан алууга болору айтылган. Энергорынокто сатып же сатып алууда биржанын ролу кандай болот?
— Буудай, күйүүчү май жана электр энергиясынын дүйнөлүк баасын товардык биржадан алып, анан Кыргызстанда эсептөөгө алабыз. Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнөн (ысып) улам көмүрдүн баасы жогорулап, электр кубаттуулугу кымбатташы мүмкүн экени айтылууда. Негизинен электр энергиясы да — товар. Аны ЕАЭБ өлкөлөрү рынокто кандай жол менен сатып алары тактала элек. Бир катар сунуштар бар. Жеткирүү жолдорун да карап чыгуу керек. Анткени жоготуу да болот. Анын баарын эсептеп чыгуу зарыл. Газды да биржадан импорттойбуз. Эми рыноктогу баасын карап ыңгайлуусун сатып алууга болот. Кыргыз фондулук биржасы 28 жыл баалуу кагаздарды гана сатып иштесек, товар жаатына ЕЭК өлкөлөрү демилге көтөргөндө гана карап баштадык.
ЕАЭБ алкагында бирдиктүү биржа түзүү мерчемделүүдө
— Бирдиктүү биржа рыногу экономикалык көрсөткүчтөргө, ошол эле инвестиция тартууга, кандай таасирин тийгизет?
— Баалуу кагаздардын биржалык рыногунда Кыргызстанда жергиликтүү компаниялардын потенциалы чоң. Алар бүгүнкү күндө биржага акцияларын чыгарып сатпайт, сатса да мамлекетке караштуу болуп, сатылуучу каражаттын пайызы аябай эле аз. Ошондуктан ата мекендик компанияларга инвестиция тартып келүүгө жакшы шарт түзүлөт. Кыргыз фондулук биржасында да финансылык инструменттердин саны көбөйөт. Эл да бир гана ата мекендик эмес, башка компаниялардын да акцияларын алып калмак. Биз биржа катары ага өзүбүздүн инфраструктурабызды даярдашыбыз керек.
— Жылдан-жылга сиздердин фондулук биржада жылыштар байкалат. 2023-жылды кандай жыйынтыктап жатасыздар?
— 2022-жылы биржа ишин өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Ал да дем берди. Былтыр соода көлөмү 17 миллиард болсо, быйыл 9 айда 19 миллиарддан ашты. Жылдын аягына чейин соода көлөмүнүн бул көрсөткүчү дагы өсөт. Биздин негизги максат — муну 30 миллиардга чейин жеткирүү. Соода көлөмү боюнча темп жакшы. Май айынан баштап биржада мамлекеттик баалуу кагаздын эки түрү сатыла баштады. Былтыр баалуу металлдар секторун ачканбыз. Улуттук банктын куйма-чоймо алтындары сатыкка коюла баштаган. Бул жаатта келишим аз. Мүмкүн эл көнгөн эместир же Улуттук банктын алтынынын баасы рыноктук баадан бир аз кымбатыраак болуп жаткандыр. Былтыр Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти менен да тыгыз байланышта иштегенбиз. Азыр зергерлерге рыноктук баада аффинаждык алтын сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми туруктуу өнүгүү секторунда "жашыл" жана социалдык облигациялар сатыкка чыгып баштады. Мындан тышкары, башка да компаниялар өзүнүн "жашыл" облигациясын даярдашууда. Компаниялар финансылык эмес отчётторун даярдоосу үчүн методика иштеп чыктык. Ал атайын аянтчага жайгашат. Инвесторлор биринчи ошол каржылык эмес отчётторду карайт. "Жашыл" долбоорго төп келген компаниялардын тизмесин кеңейттик. Дүйнөлүк биржадагы ликвиддүүлүгү жогору Apple, Tesla өңдүү компаниялардын акцияларын Кыргыз фондулук биржасынын аянтына жайгаштыруу боюнча да мамлекеттик финансылык көзөмөл ишин жүргүзүп жатабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековНазаралиев: Беларусь, Өзбекстан жана Казакстанда биржалык товарлар институту абдан өнүккөн
Президент Кыргызской фондовой биржи Медет Назаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Назаралиев: Беларусь, Өзбекстан жана Казакстанда биржалык товарлар институту абдан өнүккөн
— "Жашыл" облигациялар менен социалдык облигациялардын иши кандай жүрүшүүдө?
— Алгач рынокко киргенде бир-эки жылдын ичинде жакшы прогресс көрдүк. Негизи эле корпоративдик акцияларды саткан компаниялардын саны өстү. Фондулук биржада корпоративдик облигациялар, акциялар канча көп сатыкка коюлса, жаран катары өз акчабызды жакшы компанияга жайгаштырууга шарт түзүлөт. Чет элдик инвестор келип бир миллион долларын инвестицияга жумшап, беш пайыздан беш компаниянын облигациясын сатып алайын десе, бир миллион долларды биздин рынокко жайгаштыруу татаалдыктарды жаратат. Анткени биздин рынок чет элдик инвесторлорго чакандык кылат. Чет элдик инвесторду кызыктыруу үчүн акыркы он жылдан бери эле мамлекеттик фонд менен да иштешип жатабыз. Жакшы иштеген мамлекеттик компанияларды биржага чыгарып, өз акциясын сатыкка койсо ири инвесторлорду тартып келүүгө жакшы шарт түзөт. Азыр көлөмү аз акциялар гана сатыкта турат.
— Кадр маселеси кандай болууда?
— Учурда даяр кадрлар жок. Ошол себептен өзүбүз окутууларды өткөрөбүз. Бир эле банктан биз уюштурган окууга ондой кадр келип окуп кетет. Азыр криптовалютага же түшүнүксүз пирамидаларга акчасын алдаткан жөнөкөй жарандар да келип окуй баштады. Финансылык сабаттуулукту өлкө боюнча жогорулатууга фондулук биржанын күчү жетпейт. Мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуулар жүрүшү зарыл. Эртең бирдиктүү рынок болушу үчүн Кыргызстанда жок дегенде 2 миллион жеке инвестор болушу керек. Мамлекеттик ири компанияларды Кыргыз фондулук биржасына гана эмес, IPO, башкача айтканда, фондулук биржада компаниянын акцияларын алгач ачык сунуштай алсак, биржа аркылуу инвестор тартып келсек, эки-үч жылда ири инвестициялык банктардын, инвесторлордун көңүлүн бура баштайбыз. Негизи биз инвестицияны сырттан издей беребиз. Казакстанды алсак, "КазМунайГаз" ички рынокто эле IPOго чыгып, өз компаниясына үч миллион доллар инвестиция тарткан. Биздин деле ушул тармакта иш жүргүзүүбүзгө убакыт келди. Бүгүн көп жарандар мамлекеттик баалуу кагаздан кандай пайда көрсө болорун түшүнбөйт. Элдин финансылык сабаттуулугу төмөн. Финансылык пирамидаларга акчасын ишенип, алдатып коюшат. Андан көрө дүйнөлүк компаниялардын акциясын сатып алса утуш болот.
Электростанциянын эскертүү белгиси Абайлаңыз! Электр чыңалуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыгат? Адистер менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0