Азия кубогу: КРдин футзал командасы Бишкекте үч оюн өткөрөт

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футзал боюнча курама командасы
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Улуттук команда Иран, Мальдив жана Ливан өлкөлөрүнө каршы ойнойт.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия кубогу — 2024 оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзу (КФС) билдирди.
Тандоо турлары 7-11-октябрь күндөрү "Бишкек Арена" спорт оюн-зоок комплексинде өтөт. Кыргызстан С тайпасында күч сынашат. Улуттук команданын атаандаштары Иран, Ливан жана Мальдивдин футболчулары.
Билеттерди ticket.kg сайтынан сатып алса болот.

Оюндардын расписаниеси:

7-октябрь (ишемби)
Иран — Мальдив, башталышы саат 16:00;
Ливан — Кыргызстан, 19:00.
9-октябрь
Мальдив — Ливан, 16:00;
Кыргызстан — Иран, 19:00.
11-октябрь
Иран — Ливан, 16:00;
Кыргызстан — Мальдив, 19:00.
Азия кубогунун финалдык бөлүгү Таиландда 2024-жылы апрелде өтөт.
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 3 балбан кыз бармай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0