Жапаровдун Германиядагы сапары: дүйнөлүк компания Кыргызстанга завод курат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров “Knauf” ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров “Knauf” ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Жапаров кыргыз тарап Ош, Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун куруулушуна кызыкдар экенин билдирген.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду.
Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстан Германиянын Knauf сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда

Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда - Sputnik Кыргызстан
1/3

Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду

Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди - Sputnik Кыргызстан
3/3

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди

1/3

Курулуш материалдарын чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү Knauf компаниясынын Кыргызстанга завод куруусу каралууда

2/3

Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Германиядагы сапарынын алкагында аталган компаниянын жетекчилери менен болгон жолугушууда белгилүү болду

3/3

Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүн, алардын өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруучу завод ачууга ниеттенип жатканын канааттануу менен белгилегенин билдирди

Жапаров кыргыз тарап Ош, Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирген. Мындан тышкары, компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.
Knauf компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Уве Кнотцер Жапаровго компаниянын Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендигин айтып берген.
"Сүйлөшүү учурунда компания биринчи этапта логистикада гипстин жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен өлкөнүн түндүгүндө биринчи заводду курууну пландаштырууда. Келечекте Кыргызстандын түштүгүндө экинчи заводду куруу мүмкүнчүлүгү каралат", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында президентке караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттик менен Knauf компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Рабочий визит президента КР Садыра Жапарова в Берлин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Садыр Жапаров иш сапары менен Берлинге барды. Аэропорттон видео
Жаңылыктар түрмөгү
0