Кыргызстан 50 млн. доллар доолаган казак компаниясын арбитраждык соттон утуп алды

© Sputnik / Алексей ФилипповГаага арбитраждык сотун имараты. Архив
Гаага арбитраждык сотун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Сот даттануучу тарап чыгымга учурагыдай КР эч кандай милдеттемелерин бузган эмес деп тапкан.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү 50 миллион доллар доолаган казакстандык компанияны Гаага арбитраждык сотунан утуп алды. Бул туурасында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.
Анын айтымында, казак компаниясы Кыргызстанга доо коюп 2021-жылы эл аралык сотко кайрылган. Ал Таш-Көмүрдөгү ишке кире элек темир эритүүчү заводунун курулушуна салган инвестициясын кыргыз бийлиги тартып алды деп 50 миллион доллар компенсация талап кылган.
"Сот иштери эки жылга уланып, акыркы угуулар үстүбүздөгү жылдын апрелинде Гаага Сот адилеттиги сарайында өттү. Ал эми кечээ, 28-сентябрда, арбитраждык трибунал (үч арбитр) бир добуштан акыркы чечимин чыгарып, компаниянын доосун четке какты. Сот даттануучу тарап чыгымга учурагыдай КР эч кандай милдеттемелерин бузган эмес деп бүтүм чыгарды", — деди Баетов.
Ошондой эле сот даттануучуларды судьялардын гонорарын жана Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотунун административдик чыгымдарын төлөөгө милдеттендирген.
Юстиция министри Аяз Баетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Юстиция министри Баетов: саясатчылардын айынан сотто "РусГидрого" утулдук
Жаңылыктар түрмөгү
0