Депутат киши колдуу болбогон өлүктү союуга каршы мыйзам сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Өлүктү союуну милдеттүү түрдө жүргүзүү тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Адам каза болгондон кийин анын киши колдуу болушуна шек саналбаган учурда патологиялык-анатомиялык союуну милдеттендирген талапты алып салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова демилгелеп, коомдук талкууга койду.
Эл өкүлү "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамынын 46-беренесинде маркумдун киши колдуу болушунан шек саналбаса патологиялык-анатомиялык союу жүргүзбөө тартиби бюрократиялашып кеткенин айтат. Тагыраагы, аны үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы, болбосо өзүнүн тирүү кезинде калтырып кеткен керээзи болушу керек.

"Өлүм — ар бирибизди күтүп жаткан нерсе. Адам көз жумгандан кийин жакындары кайгыга батып, кабыргасы кайышып турганда түрдүү бюрократиялык аракеттерди ойлонгусу да, аларга убакыт короткусу да келбей калат. Ошондуктан маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүнөн шек саналбаган учурда патологиялык-анатомиялык союу жүргүзбөөгө мүмкүнчүлүк берүү демилгеленди", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Өлүктү союуну милдеттүү түрдө жүргүзүү тартиби саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Түрмөдө отурган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Депутат: жашы жете элек кыздарды зордуктаган 88 киши пробация менен чыгыптыр
Жаңылыктар түрмөгү
0