Чүйдө пенсионер киши 32 жаштагы аялды бычактап салды деп кармалды

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүйдө пенсионер киши 32 жаштагы аялды бычактап салды деп кармалды
Чүйдө пенсионер киши 32 жаштагы аялды бычактап салды деп кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматында, аялдын төрт баласы болгон.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Чүйдө 32 жаштагы аялды бычактап өлтүрдү деген шек менен 67 жаштагы кошунасы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя Чүй районунун Прогресс айылында 18-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында болгон.
"Тергөөдө 1956-жылы туулган киши 1991-жылы төрөлгөн кошуна аялга мас абалында келип бычак урганы аныкталды. Жабырлануучу Токмоктогу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ал жактан эсине келбей көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү изин суутпай кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү.
ЖМКлардын маалыматында, аялдын төрт баласы болгон.
Жаңы-Жердеги адам өлүмүнө шектелген эки адам кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жаңы-Жердеги адам өлүмүнө шектелген эки адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0