Улуу салт түбөлүк жашасын! Президенттин Карылар күнүнө карата куттуктоосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБольшая пресс-конференция президента Садыра Жапарова
Большая пресс-конференция президента Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Жазылуу
Өлкө башчы мамлекеттик саясаттын негизги багыты туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен адамды, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү экенин эске салды.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь — Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктаган сөзүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы "улууга — урмат, кичүүгө — ызаат" деп нарк билги кыргыз эли эзелтеден эле эки сөз менен улуу-кичүүнүн ордун таасын белгилеп койгонун белгиледи. Ал ата салтын, баба наркын улаган улам кийинки муун турмуш сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган аталар менен апаларга сый-урматынан жазбоонун далалатында экенине токтолгон.

"Улуу муун өкүлдөрү үчүн мамлекет тарабынан татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоо аракети ар дайым жүргүзүлүп келет. Улгайган жарандарыбызды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүүдө. Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулады. Өткөн жылы 33 пайызга көбөйтүлгөн болсо, быйыл 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга жогорулады. Ошондой эле өткөн жылы социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулаган эле", — деди Жапаров.

Президент мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен адамды, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү экенин эске салды.
"Көптү көрүп көсөм болгон ак сакалдуу аталарыбыздын, ак саамайлуу энелерибиздин акыл сөздөрү, нуска кептери арбын айтылып, кийинки муун улуулардын бата-тилектерин алып, келечекке аттанган улуу салтыбыз түбөлүк жашай берсин. Элибизде "карысы бардын ырысы бар" деп айтылат эмеспи, Кыргызстандын ырысы эч качан кемибесин! Ар бир үйдүн куту, төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер, бар болуңуздар, кадырман карыларым!" — деди Жапаров.
Акча кармап турган кишинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Минкаб октябрдан баштап пенсияга канча сом кошуларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0