Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жунусов: "парашютист" эмес "десантник" элчимин деп тамашалайм

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРдин эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов
Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРдин эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2023
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРдин эл артисти, профессор Ибрагим Жунусов өлкөдө болуп өткөн саясий төңкөрүштөр аны чыгармачылыктан саясатка келүүсүн шарттаганын айтты.
Депутаттардын шайлоого чейинки үгүт иштерине катышып жүрүп, өзүм да эл өкүлү болдум. Бул тууралуу Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жунусов: "парашютист" эмес "десантник" элчимин деп тамашалайм
Анын айтымында, Түркиядагы элчилик жумушу үзүрлүү болду.
"Мурда депутат болуп шайланарда үгүт маалында эл кыдырып концерт коюшчу эмес беле. Ошондой кампаниялардын 50дөйүнө катышыптырмын. Саясатка келейин деген оюм жок болчу. Бирок өлкөдө төңкөрүштөр болуп абал өзгөрүп кетти. 2010-жылдагы Ош окуясынан соң "Ата Журт" деген ырымды чыгарып, республикабызда болуп жаткан абалга бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле сарсанаа болуп жүргөм. Ушул учурда "Ата Журт" деген аталышта партия түзүлдү деп чакырып калышты. Барсам аталган партияны Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Акматбек Келдибеков негиздеп жаткан экен. Ошентип алардын катарына кошулуп, мүчө болуп калдым. Ырым партиянын гимнине айланды. Шайлоодо партиянын алган добуштарынын негизинде депутат болуп келдим. Кийин мени вице-премьер кылып бекитишти. Бул аралыкта "Ата Журт" партиясы оппозицияга кетти. Партия оппозициялык көз карашта болгон соң саясий кызматты ээлеген мүчөлөрүнүн баары ордун бошотуп берет эмеспи. Бирок мени жаңыдан президент болуп келген Алмазбек Атамбаев кетирген жок. Ал кайрадан маданият министри болушумду сунуштады. Партия менен акылдашып сунушту кабыл алдым. Бул аралыкта биз "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү долбоорун иштеп чыгып, эпос тууралуу 10 мүнөттүк фильм тартыш керек болду. Министрликтин акчасы жок, Карганбек Самаковдун демөөрчүлүгү менен тасма даярдалып, министр катары менин колум коюлуп документ жиберилди. Бир нече ирет кайтарылып жатты, улам оңдоп-түзөөлөрдү киргизип, биз да көшөрүп жиберип турдук. Жыйынтыгында ал маданий мурастар тизмесине өттү. Ал иш-чарага барууга камынып, билеттер алынып, тизме бекитилип калган кезде мени министр кызматынан алып коюшту. Негизи мен саясатка келе элегимде эле Режеп Тайип Эрдоган Стамбул шаарынын мэри болуп турган чагынан экөөбүздүн мамилебиз бар эле. Кийин вице-премьер болгонумда ал президент катары биздин өлкөгө сапар менен келгенинде да жылуу кабыл алып, кошо жүргөнбүз. Мунун баарын ошол кездеги бийлик көргөн. Ошондуктан министр кызматынан алган соң мени Түркияга элчилик кызматка жиберишти. Дипломатияда барган мамлекетиңдин жетекчилери менен жакшы мамиледе болуу маселелерди чечүүдө абдан жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөкчү болот эмеспи. Ошентип биздин да элчилик ушул жылдары Түркияга жыл сайын акысыз оперцияга барчулардын санын 200гө жеткирүүгө, ал жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга Түркияны пенсия төлөп берүүгө милдеттендирүүгө жетиштик. Мындан сырткары да бир топ ийгиликтүү долбоорлор ишке ашты. Андыктан мени сырттан келген дипломат катары "парашютист" деп тийишкендерге "аткаруу бийлигинде да жүрдүм, андыктан мен "парашютист" эмесмин, "десантниктмин" деп тамашалайм", — деди Жунусов.
Ал ырчы катары чыгармачылыгын токтотпогонун, жаңы ырларды жаратып жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0