Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия менен Кыргызстандын мамлекеттик желектери. Архив
Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Мындай борбор 13 өлкөдө иштейт.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу борбордун Телеграм-каналына жарыяланды.
Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Кыргызстандан потенциалдык сатып алуучуларды таап берүүгө, сүйлөшүүлөрдү уюштурууга, кыргыз контрагенттеринин ишенимдүүлүгүн текшерип берүүгө жана Кыргызстандын рыногуна чыгуу жолдорун таап берүүгө көмөктөшөт.
Өкүлчүлүк Игембердиев, 1 дарегиндеги "Аврора" бизнес борборунда жайгашкан. Мындай борбор 13 өлкөдө иштейт.
Россия Федерациясынан келген мугалим Нарын шарындагы мектепте сабак өтүп жаткан кези. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Кыргызстандын мектептеринде Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0