Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Экологияга зыян келтиргендер үчүн айып пул көбөйтүлүүдө

© Sputnik / Асел АкматЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев жаратылышты коргоого багытталган иштер тууралуу айтып берди.
Экологияга зыян келтиргендер үчүн айып пулдар көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Бекжан Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Экологияга зыян келтиргендер үчүн айып пул көбөйтүлүүдө
Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр коомдук талкууга экинчи жолу чыгарылууда.
"Өлкөдө экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасалып, көптөгөн иштер аткарылууда. Ошонун алкагында экологияга тиешелүү мыйзамдарды инвентаризациялап, учурга ылайыктоо тапшырмасы коюлган. Муну ишке ашыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Ага ылайык, бир катар экологиялык эрежелерди бузгандарга айып пулдун көлөмү көтөрүлүп, экологияга зыян келтиргендердин жоопкерчилигин күчөтүү каралууда. Бул жерде бюджетти толтуруу биринчи максат эмес. Учурдагы эң төмөнкү айып пул үч миң сом, ал эми жогоркусу 55 миң сомду түзөт. Чоң кен иштеткен ишкана үчүн 55 миң сом аябай эле аз. Ошондуктан экологияга зыян келтиргендер айып пулун төлөп коюп, туура эмес ишин улантууда. Мындан улам эң минималдуусун 7,5 миң, ал эми жогорку чегин 250 миң сомго чейин көтөрүп жатабыз. Айып пулду жогорулатуу менен экологиялык зыян келтиргендерди токтотуу мерчемделүүдө", — деди Султангазиев.
Ошондой эле ал браконьерлерге министрлик өз алдынча айып салып, зыянды төлөтүү чарасы киргизилип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0