Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ бийлиги Украинаны узакка колдоо үчүн акча жоктугун айтышты

© AFP / DANIEL SLIMВашингтондогу АКШнын Ак үйү. Архив
Вашингтондогу АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Жекшембиде АКШнын президенти Конгресс тарабынан колдоого алынган мыйзамга кол койду. Ал өкмөттүн ишин дагы 45 күнгө, тагыраагы, 17-ноябрга чейин финансылоого шарт түзөт. Анткен менен документте Украинанын муктаждыгына акча каралган эмес.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Киевди узак убакыт жөлөп-таяганга АКШнын акчасы жоктугун Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер брифингде айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Алар (акча – ред.) Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын жапканга жетет, бирок бул узак мөөнөттүү чечим эмес",— деген ал.
Жан-Пьердин айтымында, Ак үй Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккартинин убадасын эске алганда Украинага мурдагысындай эле керектүү жардам берилет деп ишенип турат.
Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтт Миллер мурдараак Киев менен болгон узак мөөнөткө эсептелген долбоорлордун убактылуу токтотулганын кабарлаган. Буга Украинага берилчү жардам боюнча Конгресс менен макулдашуунун жоктугу себеп болгон. Жекшемби күнү АКШнын президенти Жозеф Байден Конгресс тарабынан колдоого алынган мыйзамга кол койду. Ал өкмөттүн ишин дагы 45 күнгө, тагыраагы, 17-ноябрга чейин финансылоого шарт түзөт. Анткен менен документте Украинанын муктаждыгына акча каралган эмес. Байдендин Конгресс колдогон мыйзамга кол коюшу акыркы учурда өлкөнү кооптондуруп турган федералдык өкмөттүн иши 1-октябрда токтоп калышын, тагыраагы, "шатдаун" боюнча белгисиз абалды жөндөгөндөй болду.
Москва өткөн жазда Түндүк Атлантика альянсына Киевге жөнөткөн куралдары боюнча нота жиберген. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага багытталган кандай гана курал-жарак, жүктөлгөн жүк болбосун, Россиянын мыйзамдуу бутасы болорун айткан. Кремль Киевди тишине чейин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан. Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, чырды "курал жөнөтүп эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдап" дагы создуктуруп жатканын белгилеп келет. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Киевге берилген аскердик жардамы орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна терс таасирин тийгизерин айткан.
Киевдеги Родина-мать монументи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Киевге жасалган күтүүсүз соккулар Путиндин чырагына май тамызууда
Жаңылыктар түрмөгү
0