Жылуулук тарифин кескин кымбаттатууга жол ачылышы мүмкүн. Министрликтин долбоору

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүАдамдар колдорун батареянын үстүнөн кармап турушат. Архив
Адамдар колдорун батареянын үстүнөн кармап турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
Документте жылуулук энергиясынын өздүк наркы өндүрүшкө, техникалык тейлөөгө кеткен каражатты жана капиталдык чыгымдарды жабышы керектиги белгиленген.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Энергетика министрлиги жылуулуктун тарифин бир жылдын ичинде 25 пайыздан ашык жогорулатууга тыюу салынган норманы алып салууну сунуштап жатат.
Министрлик "Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө" буйругун өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга койду.
Анда жылуулук энергиясынын өздүк наркы өндүрүшкө, техникалык тейлөөгө кеткен каражатты жана капиталдык чыгымдарды жабышы керектиги белгиленген.
"Бирок тарифтерди белгилөөдө керектөөчүлөрдүн ар кандай категориясы үчүн жылдык жогорулатуу 25 пайыздан ашпоого тийиш экендиги каралган. Ушуга байланыштуу бааны (тарифти) толук наркка жеткирүү максатында тарифтерди жогорулатууга коюлган босогону алып салуу сунушталат", — деп жазылат документте.
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0