Кыргызстанда күйүүчү май тартыш болбойт. "Кыргыз темир жолунун" билдирүүсү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАвтоунаага май куюучу жай. Архив
Автоунаага май куюучу жай. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Мунай заттарын Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлады.
Эске салсак, кечээ казак тараптын Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майды өткөрбөй жаткандыгы, 20 күндөн кийин өлкөдө бензиндин тартыштыгы жаралышы ыктымалдыгы айтылган.
Бүгүн Астанада "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев менен "Қазақстан темір жолы" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жолугуп, жүк ташууну уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланган.
Тараптар Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык-маанилүү мүнөздөгү жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашкан.
"2023-жылдын октябрына карата "Қазақстан темір жолы" 144 миң тонна мунай продуктусунун транзит көлөмүн макулдашты. Ошол эле учурда 24,5 миң тонна мунай зат жолдо, Кыргызстанга бара жатат. Ошентип жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай заттары боюнча көйгөйлүү маселе жоктугу белгиленди", — деп айтылган маалыматта.
Аталган ишкана Нефтетрейдерлер ассоциациясынын кечээги бензиндин тартыштыгы жаралышы мүмкүн деген маалыматын төгүнгө чыгарды.
"Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт, Кыргызстандын рыногунда мунайзаттардын тартыштыгы пайда болот деген кооптонуулар негизсиз. Текшерилбеген маалыматты жайылтуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө гана эмес, эки өлкөнүн өз ара мамилесине да таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Эки тараптын темир жол администрациялары жүктөрдүн кыймылын толугу менен көзөмөлдөп, аны белгиленген жерге чейин үзгүлтүксүз, туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу максатында тыгыз байланышта турганын айтышты.
Жумушчулар ун каптарды ташып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Кыргызстанда ун менен буудай экспортуна тыюу салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0