Мэр: шаар сыртына "Ош" базары эле эмес, "Сары-Өзөн", "Баткен" да чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековОш базары. Архивдик сүрөт
Ош базары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Шаар башчысы базар ээлери, сатуучулар демилгеге каршы эместигин белгиледи.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шаар сыртына "Ош" базары менен эки автобекет эле эмес, "Баткен", "Сары-Өзөн" базарлары да көчүрүлөт, жер маселеси чечилген. Бул тууралуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, буга чейин базар ээлери, сатуучулар менен жолугушуулар да өткөн.
"Шаардын сыртына "Ош" базары эле эмес, "Сары-Өзөн", "Баткен" сыяктуу базарларды да чыгаралы деп жатабыз. Фучик көчөсү менен баратканда айланма жолго жетпей 160 гектар жерге түшөт. Азыр долбоордук иштер жасалып жатат. Жазында сыртка чыгарылат. Курулуш материалдарын саткан базарларды да сыртка чыгаруу планыбыз бар. Азыр "Ош" базары турган жерди сквер кылып, бейтапкана кылсаңар деген да сунуш түштү", — деди Абдыкадыров.
Мэр бул аракеттин баары жол тыгындарын жоюп, ыштан арылуу максатында жасалып жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, элдин ыңгайлуулугу үчүн шаар сыртындагы базарларга 5-7 мүнөттүк интервал менен автобустарды жүргүзүү каралып жатат.
Ош базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
"Ош" базары менен эки автобекет кайда көчүрүлөрү белгилүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0