Путиндин Кыргызстанга расмий сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2023
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
РФ лидери Владимир Путин 12-13-октябрда Кыргызстанда болот. Ал Садыр Жапаров менен жолугуп, КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммитине катышат.

Владимир Путиндин Кыргызстанга кайсы күнү келери айтылды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Путиндин Кант шаарында ЖККУнун Авиациялык базасындагы салтанаттуу иш-чарага катышары айтылды.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 12-октябрда Россия лидери Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, эки мамлекеттин башчылары талкуулай турган маанилүү маселелердин бири — өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү.
"Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Алар эки жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн пландарын талкуулашат", — деп айтылган билдирүүдө.
Азымбакиев, мындан сырткары, мамлекет башчылардын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылганын кошумчалады.
 КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин кезектеги жыйыны 3-октябрда Минскиде өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Беларуста КМШ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Талкууланган маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0