Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев
Манас улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
"Манас" улуттук академиясынын президенти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев айтуучулук өнөрдүн ошол элдин келечек тагдырында орду өтө маанилүү экенин белгиледи.
Сибирь, алтай, хакас элдеринде айтуучулук өнөр зор мааниге ээ. Бул өнөр ээлерине ошол элдин кодун алып жүрүүчүлөр катары мамиле күтүшөт. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Манасчы: айтуучулук жоголсо эпосторубуз "өлүк" чыгармага айланат
Анын айтымында, кыргыздар азыр деле айтуучулук өнөрдүн жашоодогу ордун анчейин аңдап-түшүнбөй келет.
"Мындан жүздөгөн жылдар мурда айтуучулук өнөр жогору бааланып, касиеттүү, ыйык деп эсептелген. Аны алып жүрүүчүлөр саясий иштерге активдүү аралашып, лидерлерди жандап жүрүшкөн. Бул жөн жерден чыга калган эмес. Анткени айтуучулук өнөр ээлери ошол элдин генетикалык кодун алып жүрүүчү катары кабылданат. Ошол эле Россия Федерациясынын субъектилери болгон, айтуучулукту алып жүргөн республикаларды карасак ушул күндө да аталган өнөр ээлерин өтө жогору баалашат. Биздин да уучубуз куру эмес, айтуучуларыбыз бар. Бирок азыркыга чейин эле анын жашообуздагы ордуна, маани-маңызына анчейин көңүл бурбай келгендейбиз. Биздин Манастын мисалында же башка эпосторубузду деле саамга айтуучулук өнөрүсүз элестетип көрөлүчү. Ал байыркы гректердин "Илиадасындай" жөн гана кагаз бетинде калган "өлүк" эпоско айланат", — деди Бакчиев.
Ал улуттун иденттүүлүгүн сактап калууда калк өзү айтуучулук өнөрүнө өзгөчө көңүл буруусу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0