Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы

© AP Photo / EDUARDO MUNOZНью-Йорктогу БУУнун имараты. Архив
Нью-Йорктогу БУУнун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
БУУнун эксперттери Европалык борбордук банктын сентябрдын соңуна чейин пайыздык чендерди көтөрүү чечими төртүнчү кварталдын келечегине "көлөкө түшүрөрүн" айтышты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Европа — созулуп кеткен инфляциянын айынан жана энергоресурстардын кымбатташынан экономикалык кыйын абалга кептелип, тынчсызданууну жараткан, рецессиянын кырындагы аймак. Бул туурасында РИА Новости БУУнун маалыматтарына таянып билдирди.
"Отунга, жылытуучу ресурстарга болгон баа 2022-жылы жана 2023-жылдын башында кескин өсүп кеткен Европада көйгөйлөрдү жаратууда. Азык-түлүктүн баасынын туруктуу инфляциясы, үй чарбаларынын сатып алуу мүмкүнчүлүгү абалдын төмөндөп кетиши да кошумча болууда", — деп айтылган анда.
Уюм энергоресурстардын баасынын өсүшүн бир катар өкмөттөр "жарым-жартылай компенсация кылып бергенин", бирок дефициттин салмагын азайтыш үчүн өздөрүнүн бюджеттик чыгымын кыскартып жатканы айтылды.
"2023-жылы Евроаймакта мурдагыдай эле билинер-билинбес өсүү темпи күтүлүп, бирок ал бычактын мизинде турат. 2023-жылдын экинчи кварталында рецессияга аз жерден кабылбай калды. Бул инвестициянын күтүлбөгөн жерден өсүшүнөн болгону айтылды. Ал өндүрүштүк кубаттуулуктун калыбына келишине караганда, статистикалык артефакт болгон", — дешкен БУУнун Соода жана өнүктүрүү конференциясында.
БУУнун эксперттери Европалык борбордук банктын сентябрдын соңуна чейин пайыздык чендерди көтөрүү чечими төртүнчү кварталдын келечегине "көлөкө түшүрүп", "евроаймактын рецессия кооптуулугун арттырарын" айтышкан.
Дүйнөлүк соода уюмунун дүйнөлүк соода боюнча 2023-жылдагы отчетунда Украинага байланыштуу Россияга киргизилген экономикалык санкциялар дүйнөнүн көпчүлүк экономикаларына терс таасирин тийгизиши күтүлүп жатканы белгиленген. Аны менен катар эле дүйнөлүк сооданын бытырандылыгы глобалдык жылуулукка каршы күрөшкө зыян келтирери белгиленген.
Батыш Украинадан улам Россияга салган санкцияларды күчөтүп, бул Европада, АКШда электр кубатынын, отундун жана азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө алып келди.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Батыш Европаны чоң тирештин чегине такап койду
Жаңылыктар түрмөгү
0