Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилди

© Фото / фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуКамчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилди
Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Атада жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Кримтөбөл кечээ күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, жок кылынган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү кичи мекени Чолпон-Атада жерге берилди.
Эскерте кетсек, ал кечээ, 4-октябрда, Бишкекте күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, жок кылынган. Көлбаевди кармоо боюнча операцияны УКМК жүргүзгөн.
Ал уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө, куралды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адам өлтүрүүгө шектелип жаткан. Дарыгерлер ок жеген Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. УКМК менен жай тургундардын арасында жабыркагандар болгон эмес.
Жаза аткаруу кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жаза аткаруу кызматы: Кыргызстандын колониялары штаттык режимде иштеп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0