Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүШереметьево аэропортундагы учактар. Архивдик сүрөт
Шереметьево аэропортундагы учактар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Эки өлкөнүн авиациялык бийлиги маанилүү документке кол койду.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын Транспорт министрлиги менен Кыргызстандын жарандык авиациясы эки өлкөнүн авиациялык бийлигинин ортосундагы консультациялык протоколго кол коюшту.
Тараптар төмөнкүлөрдү макулдашты:
Россиялык авиакомпаниялар РФтин каалаган пунктунан Бишкек, Ош жана Тамчыга уча алат (Алматы аркылуу). Алар КРдин үч аэропортунан Кытайдагы бир пунктуга (Пекин, Үрүмчү, Тяньцзинден башкасы) жана Азиянын эки пунктуна (аталышы айтылган эмес) уча алат;
Кыргызстандык авиакомпаниялар үчүнчү өлкөлөргө токтоо менен Россиянын 25 пунктуна учуп, ал жактан башка мамлекеттерге бара алат. Бирок үчүнчү өлкөлөрдөгү пунктулардын тизмеси алдын ала макулдашуудан өтүшү керек;
Эки өлкө ортосунда учууларды аткарган авиакомпаниялардын санына киргизилген чектөөлөр алынат;
Аба кемелеринин көлөмүнө киргизилген чектөөлөр алынат;
Эки тарап тең макулдашылган маршрут боюнча жумасына 14 жүк ташуучу рейстерди аткара алат.
Заводдо өндүрүш учурунда жумушчу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
ЕЭК өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөр жай саясатынын негизги багыттарын санады
Жаңылыктар түрмөгү
0