Көзүңөрдү ачкыла. Путин Европа менен АКШдагы кесиптештерине кайрылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба "Валдай"
Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XX Ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Россия президенти Батышта кепке келүү деген түшүнүк такыр унутулуп, кандай гана жол менен болбосун өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу менен алек болуп калышканын билдирди.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Батыштын одоно айтылган билдирүүлөрү — колониялык доордогу ой жүгүртүү. Мындай пикирин Россия президенти "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында айтты.
Анда Путин кимдин эмне кылышы керектигин үйрөтүп көнүп калган Европа менен АКШдагы кесиптештерине кайрылды.
"Силер кимсиңер деги? Көзүңөрдү ачкылачы. Ал доор бүткөн, кайрылып келбейт", — деди Путин.
Мындан тышкары, ал Батыш компромисс эмне экенин эсинен чыгарганын белгиледи. Айтымында, алар өз кызыкчылыгын кандай гана жол болбосун ишке ашырууну каалашат. Ошол эле учурда Россия дайыма бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган чечимдерди сунуштоого аракет жасайт.
"Бирок Батыш акылга сыярлык чектөөлөрдүн, компромисстин бар экенин, натыйжага жетүү үчүн айрым учурда кепке келүү деген нерселерди такыр унутуп коюшту. Жок, алар кандай жол менен болсо да өз кызыкчылыгын жайылтуу менен алек болуп жатышат. Мындан эмне чыгарын көрөбүз", — деди РФ лидери.
"Валдай" клубунун быйылкы жыйыны 2-октябрда башталып Сочи шаарында өтүүдө. Жыйын бул ирет "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган. Путин клуб негизделгенден тартып анын катышуучулары менен жыл сайын жолугушуп келет.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
РФ президенти Владимир Путин “Валдай” эл аралык жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок
Жаңылыктар түрмөгү
0