Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды. Видео

© AFP / WILLIAM WESTКыргызстандык Сардана Трофимова Кытайдагы Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Кыргызстандык Сардана Трофимова Кытайдагы Азия оюндарында коло медаль тагынды. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
Жазылуу
Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Сардана Трофимова Кытайдагы Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Ал марафондо 2 саат 28 мүнөт 39 секундада келген. Биринчи орунду Бахрейн спортчусу багынтса, экинчини кытайлык спортчу алган. Сардана Трофимова марафон боюнча Россиянын беш жолку чемпиону. Спортчу Кыргызстандын жарандыгын былтыр июлда алган. Буга чейин ал мелдештерге ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин атынан чыкчу.
Белгилей кетсек, Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынан төрт балбан медаль тагынган. Алардын ичинен Эрлан Шеров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси болду.
Акжол Махмудов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чемпиону болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Бали! Акжол Махмудов дагы Азия оюндарынын чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0