Алтын-Мазар тилкеси Тажикстанга өттү деген маалыматты таратууга блогер шектелүүдө

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеген аял. Архивдик сурөт
Компьютерде иштеген аял. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Укук коргоо органдары ал Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган аял экенин аныктаганы айтылды.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Чоң-Алайда Алтын-Мазар тилкеси Тажикстанга берилип кетти" деп маалымат тараткан блогер табылды. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдары ал Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган аял экенин аныктаган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.
"Чоң-Алай районунун аймагына тиешелүү эч кандай жер тилкеси Тажикстанга берилген эмес, тынчсызданууга негиз жок. Жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырабыз", — деп жазды акимчилик.
Эскерте кетсек, 2-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары Баткенде мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. КР делегациясынын башчысы, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин биротоло чече турган №44 протоколго кол койгонун билдирген.
Кийин социалдык тармактарда Тажикстанга Оштун Чоң-Алай районундагы жерлер (Алтын-Мазар) өттү деген маалымат тарап кеткен.
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Кыргыз өкмөтү Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу тууралуу маалымат берди
Жаңылыктар түрмөгү
0