А.Жапаров Бишкекте катализаторсуз автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салууну тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы кабыл алуу пункттарынын биринде авто катализатор. Архив
Бишкек шаарындагы кабыл алуу пункттарынын биринде авто катализатор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мэрге Бишкекке катализатору жок автоунаа менен кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салууну тапшырды. Бул туурасында 4-октябрда жылытуу сезонуна карата даярдык талкууланган парламенттин отурумунда айтылды.
Өкмөт башчы чектөө ноябрдан январга чейин иштеши керектигин билдирди.
“Эксперттердин айтымында, абадагы канцерогендердин 35тен 45ке чейинки пайызы автоунаалардан пайда болот. Мындан улам балдар ооруп жатат”, — деди Жапаров.
Бишкектин жаңы автобустары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Бишкектин автобустарындагы камералар жолдогу эреже бузууну каттай баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0