Бишкекте "Жаңы доор — жаңы жолдор" аттуу дүйнөлүк форум өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековФорумдун катышуучулары. Архивдик сүрөт
Форумдун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Иш-чарага депутат, аткаминер, эксперттер катышып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ордо калаада "Жаңы доор — жаңы жолдор" аттуу дүйнөлүк форум өтүүдө.
Аталган иш-чараны Евразия кызматташтыгы боюнча эл аралык уюм уюштуруп жатат. Иш-чарага депутат, аткаминер, эксперттер катышып жатканы айтылды. Форумда сөз сүйлөй турчу Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков иш-чара ар түрдүү багыттагы чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн, алардын ичинде эл аралык уюм, коомдук уюмдар, бийлик органдары, бизнес, маданият, искусство, илим, дин өкүлдөрүнүн башын бириктире турганын белгилеген.
"Мындай формат көйгөйлөрдү ар тараптан карап, талкуулоого, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берери талашсыз. Бул жерде катышуучулар идея, тажрыйба, билимдери менен бөлүшүп, жаңы тенденцияларды иштеп чыга алышмакчы", — деген Базарбеков.
Россия сегодня медиатобун офиси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
"Россия сегодня" медиатобунда КМШ мамлекеттеринин медиафоруму өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0