Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок. Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба "Валдай

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии Международного дискуссионного клуба Валдай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Быйыл жыйындагы талкуу "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россия өзөктүк куралды сыноо келишимин чакыртып алышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссиялык жыйынында айтты. Ал Россияга өзөктүк куралды сыноонун кереги бар-жогун азырынча айта албай турганын, бирок Москва Вашингтонго жооп кайтарарын билдирди.
Путиндин жыйындагы билдирүүлөрүнүн урунттуу учурларын келтиребиз:
Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок. Сибирь, Ыраакы Чыгыш, айтор, өздөштүрө турган өзүбүздүн жерибиз жетиштүү.
Украинадагы тирешүүнү Россия баштаган жок, тескерисинче, 10 жылдан бери созулуп келе жаткан согушту аягына чыгарууну көздөйт;
АКШ азыр Украинаны колдоого чама-чаркы жетпей турат, анткен менен акча табат, басып чыгара коюшат;
Батышта кепке келүү деген түшүнүк такыр унутулуп, кандай гана жол менен болбосун өз кызыкчылыгын ишке ашыруу менен алек болуп калган. Одоно айтылган билдирүүлөрү — колониялык доордогу ой жүгүртүү.
Келечектеги дүйнө — жамааттык чечимдердин дүйнөсү. Эч кимдин дүйнөнү башкарууга укугу жок жана дүйнөнү бирөөнүн атынан башкара албайт. Өлкөгө же калкка кантип жашап, эмнени туюп-билүү керектигин таңуулоого тыюу салынышы зарыл.
Украина президенти Владимир Зеленский Канада парламентинде Украинада элди кырууга катышкан нацистке кол чаап турду. Бул өтө жийиркеничтүү көрүнүш болду.
Украинадагы атайын аскердик операция бардык максатына жетет.
Кытайдын "Бир жол — бир алкак" демилгеси Евразия экономикалык биримдигине атаандаштык жаратпайт, тескерисинче, долбоорлор бири-бирин толуктап турат
Куралга басым жасалып экономика унутулду деген туура эмес. Мамлекет алдына койгон милдеттемелеринин баарын аткарып жатат.
Эскерте кетсек, “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
Быйыл талкуу "Адилеттүү көп кырдуулук: жалпы коопсуздукту жана өнүгүүнү кантип камсыздаса болот?" деген темада уюштурулган.
Россия президенти Владимир Путин Йоханнесбургда өткөн уюмдун саммитинде видеоконференция аркылуу катышты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
БРИКС эч ким менен атаандашпайт. Путиндин саммиттеги сөзүнүн урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0