Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өлкөдө 3 млн. тонна тоют топтолду, бул жалпы керектөөнүн 60-65%ы

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров
Айыл чарба министрлигинин мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Каландаров тоютка болгон жылдык муктаждык беш миллион тоннаны түзөрүн белгиледи.
Сентябрга карата өлкө боюнча үч миллион тоннадай тоют топтолду. Бул жалпы керектөөнүн 60-65 пайызын түзөрүн Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Өлкөдө 3 млн. тонна тоют топтолду, бул жалпы керектөөнүн 60-65%ы
Анын айтымында, былтыр 3 миллион 700 тонна топтолгон, бирок анда тоют боюнча көйгөй болгон эмес.
"Өлкөдөн тоютту (чөптүн бардык түрүнө, арпа, сулуу, күрүч) сыртка чыгарууга тыюу салынды. Жүгөрү менен буудай бул тизмеге киргизилген жок. Анткени быйыл өлкөдө жүгөрү көп айдалган, ал эми буудай тоюттун концентранты катары 30 пайыз гана колдонулат. Мындан тышкары, сырттан ташып келүүгө бажы, салык төлөмдөрү алынбайт. Башкача айтканда, тартыштык жаралса коңшу өлкөлөрдөн тоют ташып келүүгө мүмкүндүк бар. Мындан тышкары, фермерлерге жакынкы жайыттарды максималдуу эффективдүү пайдалануу сунушталды. Ошондой эле 53 миң гектар буурчак, 13 миң гектар кант кызылчасынын калдыктарын тоют катары колдонууга мүмкүндүк бар. Жалпысынан алганда тоютка болгон баанын көтөрүлгөнүн эске албаганда тоют жетиштүү. Анткени биз ар бир малдын тоют бирдигине жараша муктаждыкты эсептеп келебиз. Ошол эле учурда фермерлер аны колдонбой, жайыттарды пайдаланып дефицитти сезбей келишүүдө", — деди Каландаров.
Ошондой эле ал аймактагы өлкөлөрдө тоютка болгон баа дээрлик бирдей экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0