Украина берген жардам үчүн Канада премьеринин шаштысын кетиришкенде. Видео

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКанаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Архив
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Ал киши өкмөт башчынын колун кысуудан баш тартып, "өлкөнү жоготконун" кошумчалаган.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Интернет айдыңында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен катардагы канадалык жарандын кызаңдаша кеткен учурунун видеосу тарады.
Канадалык жай жаран Трюдону салык төлөөчүлөрдүн акчасын "өзүнүн өлкөсүн жайлаган немеге" (Зеленский – ред.) жөнөтүп жатканы үчүн тилдеп, анысын өзүнө түз айтканга жетишип калды.
Алардын диалогу социалдык тармактарга тарады.
— Путинди көп угуп алыптырсыз да, ээ?
—Путинди? Жыргаптырбыз да!
—Россиялык дезинформацияны токтоткулачы, ай!
— Силердин пропаганданы укпашыбыз турган иш. Пропаганда деп сеникин айтат, тууган! Сен... Кет эми, бул жерден... Жогол!
Ал киши премьер-министрдин колун кысуудан баш тартып, "өлкөнү жоготконун" кошумчалаган. Буга жооп кылганга аракеттенген Трюдо баарын "россиялык дезинформацияга" шылтап, көздөн кайым болду.
Видеодон ал жерде тургандардын нааразы болуп турган маанайын байкоо кыйынчылыкка турбайт эле.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
“Жийиркеничтүү”. Путин Канада парламентинде нацисттин даңазаланышы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0