Аутист балдарды дубалатып кыйнабагыла. Өзгөчө уулу бар атанын видеомаеги

Жазылуу
Эксклюзив
Аутист баланы эч бир адис өзүнүн ата-энесиндей карай албайт. Бул тууралуу өзгөчө баланын атасы Ибраим Нуракун уулу айтып берди. Анын пикиринде, ата-эне аутист баланын абалы тууралуу сөзсүз билим алышы кажет.
Нуракун уулу учурда аутист балдарын энесине таштап өзү кумга башын тыгып алгандай басып кеткен аталар да кездешерине токтолду.
"Бул билимдин жетишсиздигинен болуп жатат. Бизде мектепте жакшы окуган балдарды жакшы көргөнгө, начар окугандарын жаман көргөнгө үйрөтөт да. Ошол себептен аталар баласы өзгөчө болуп же дагы башка оору менен төрөлсө, аны намыс көрөт. Ошондуктан мектептен тартып мугалимдерге дагы, коомго дагы, окуучуларга дагы бардык балага бирдей мамиле жасаганды үйрөтүү зарыл", — деди ал.
Тема боюнча:
Баламдын аутист экенин уккан күйөөм кабыл албай жатат. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0