Кыргызстандагы банктар 8 айда 16 млрд. сом киреше табышты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюраларынын фонунда лупа. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюраларынын фонунда лупа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
Майдын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Алардын филиалдары 300дөн ашат.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы банктар ушул жылдын сегиз ай аралыгында 16 миллиард 330,9 миллион сом таза киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында көрсөтүлгөн.
Анда белгиленгендей, өткөн жылдын бул мезгил аралыгында көрсөткүч 13 миллиард 937,6 миллион сомду түзгөн.
Майдын аягына карата өлкөдө коммерциялык 23 банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Алардын филиалдары 300дөн ашат.
Буга чейин Банктар биримдиги өткөн жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго (2021-жылдагыдан беш эсе көп) жеткенин билдирген. Улуттук банкта 2022-жылдагы киреше бир аз башка суммада – 23,1 миллиард деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын түрдүүлүгүнөн улам болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, 2022-жылы банктардын таза кирешеси март айынан баштап өскөн (айына 1 миллиард сомдон көп).
Кыргыз Республикасынын желегинин фонунда лупа астында сом купюрасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Кыргызстандын банктары жарым жылда 12 млрд. сом киреше алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0