Ысык-Көл: Чок-Талда тойдо 24 киши ууланган, арасында балдар да бар

© Sputnik / Александр КряжевТойдо тамак тартуу. Архивдик сүрөт
Тойдо тамак тартуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
Тойго баргандар ошол эле күнү Чолпон-Атарайондук ооруканага түшө баштаган.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында тойго барган 24 киши тамакка ууланган. Бул маалыматты Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери тастыктады.
Аталган борбордун башкы дарыгери Алина Токтоназарованын айтымында, тургундардын бири үйүнө тойберип, сырттан ашпозчуларды жалдаган.
Ошол эле 5-октябрь күнү тамакка уулангандар Чолпон-Атарайондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшө баштаган.
“Тамакка ууланган 24 кишинин тогузу 14 жашка чейинки балдар, калганы — чоңдор. Учурда ооруканада 15 киши жатат, абалы орто”, — деди башкы дарыгер.
Тез татым сатуучу жай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Адамдар шаурмага уулангандан кийин Бишкектеги 10 тез татым жайы жабылды
Жаңылыктар түрмөгү
0