Уюшкан кылмыштуу топ коркутса кабарлагыла! УКМК ишкерлерге кайрылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМКнын атайын күчтөрдүн кызматкерлери. Архив
УКМКнын атайын күчтөрдүн кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
Атайын кызмат учурда кылмыштуулукка каршы иш активдүү жүрүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. УКМК ишкерлерге кайрылып, уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу, рейдерлик басып алуу жана оор кылмыштар болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Атайын кызмат учурда кылмыштуулукка каршы активдүү иш жүрүп жатканын белгиледи.
"Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын, инвесторлордун жана бүтүндөй бизнес-коомчулуктун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында УКМК кылмыштуулук факторунун таасирин жоюуга өзгөчө көңүл бурат. Буга байланыштуу УКМК уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүн мындай фактылар боюнча билдирүүгө чакырат", — деп жазылат билдирмеде.
УКМК байланыш телефондору (66-04-75, 62-65-04, 0702-68-28-68) менен бөлүшүп, жапа чеккендер ушул номерлер аркылуу кайрылса болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынган. Кийинчерээк атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев кылмыштуулук менен күрөш улантыларын белгилеп, мамлекеттин мыйзамына каршы өздөрүнүн мыйзам, тартип, схемасын ойлоп тапкан топторго катуу чара көрүлөрүн эскерткен.
Шектүүнү кармоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Таласты "кармачу". Камчы Көлбаевдин тобунан делген киши кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0