Президент авиация кызматкерлерин куттуктап, олуттуу өзгөрүүлөр болорун айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылдан тартып башталат. Өлкөдө 1994-жылдан бери 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет.
"Дүйнө тез өзгөрүп, ааламдашуу ыкчамдап жаткан мезгилде Кыргызстан үчүн аба транспорту стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан жарандык авиация тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл бурулууда", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент авиация тармагын өнүктүрүүдө масштабдуу максаттарга жетүү үчүн кесипкөй кызматкерлердин мол тажрыйбасына таянышарын белгиледи.
Эл аралык Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0