ЖМК: Афганстандагы зилзалада 120 киши каза таап, миңден ашуун адам жаракат алды

© AFP / Афганстандагы зилзалада
Афганстандагы зилзалада  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Жазылуу
Магнитудасы 6,4кө жеткен жер силкинүү өлкөнүн Батышында болгонун кабарлады.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Афганстандагы зилзалада 120 киши каза таап, миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянып кабарлады.
Магнитудасы 6,4кө жеткен силкинүү өлкөнүн Батышында болгонун кабарлады.
Ишемби күнү бул тууралуу агенттик Герат провинциясынын Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин директору Мохаммад Талеб Шахидге шилтеме берип, кеминде 14 киши көз жуумп, 78 адам жаракат алганын билдирген. Жер Афганстандын Батышында силкингени айтылган.

“Учурда жабыр тарткандардын тизмесине арасында аялдар, балдар жана улгайгандар бар миңден ашуун адам катталды, каза болгондор 120га жакын”, — деген Ашари агенттикке.

Ишембиде Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) Афганстандын батышында магнитудасы 6,4кө жеткен бир нече жер титирөө болгонун кабарлаган.
Марракештеги каттуу жер титирөө. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Чуу түшкөн эл.... Мароккодо 300дөй киши жер титирөөдөн көз жумду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0