Кыргызстанда эл көп алган 15 автоунаанын баасы. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан базардагы машиналардын наркы тууралуу маалымат берип турат. Бул ирет суроо-талап көп болгон автоунаалардын баасы акыркы бир айда кандай өзгөргөнүнө көз жүгүрттүк.
Инфографикада эл көп алган автоунаалардын 15 үлгүсүнүн базардагы баасындагы өзгөрүүлөрү көрсөтүлдү. Кыргызстандыктар арасында суроо-талап көп автокөлүктөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирди:
1.
Toyota Camry 50;
2.
Daewoo Nexia;
3.
Honda Fit;
4.
Honda CR-V;
5.
E-класстагы Mercedes-Benz ;
6.
Daewoo Matiz;
7.
5-сериядагы BMW;
8.
Volkswagen Passat;
9.
Honda Accord;
10.
Honda Odyssey;
11.
Lexus RX;
12.
Hyundai Sonata;
13.
Lada 2107;
14.
Toyota Prius;
15.
Toyota RAV4.
Жогоруда чыккан жылдары боюнча суроо-талап көп унаалардын орточо наркы көрсөтүлдү. Бир нече автокөлүктүн өтө арзан же өтө кымбат баасы орточо бааны чыгарууга таасир берет.
Мониторинг autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарынын маалыматы менен жасалды. Баа доллар менен көрсөтүлгөн. Биринчи анализ доллар Улуттук банктын курсу менен 88,2 сом болуп турганда, экинчиси 5-октябрда ал 88,7 сом болуп көтөрүлгөндө жасалган.
Жогорудагы автоунаалардын көбүнүн баасы ай ичинде өзгөргөн. Daewoo Matiz жана Volkswagen Passat 100 доллардан 900 долларга чейин арзандаган. Ал эми наркы бир топко көтөрүлгөндөрдүн арасында Toyota Prius бар, ал 100 доллардан 600 долларга чейин кымбаттаган.
Тема боюнча:
Дубайдан машина алдыруунун жол-жобосу кандай? Ишкердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0