Онкологияга чейин жеткирет. Дарыгер биологиялык активдүү аралашмалар тууралуу

© Sputnik / Нина ЗотинаБиологиялык активдүү аралашмалар. Архивдик сүрөт
Биологиялык активдүү аралашмалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, биологиялык активдүү кошулмалардагы азыктандыруучу заттарды тамак-аштан деле алууга болот.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Биологиялык активдүү аралашмаларды сунуштамасы жок ичүү организмге кыйыр жана оор таасирлерди бериши мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" маалымат агенттигине жалпы практика боюнча дарыгер Екатерина Серебренникова айтып берди.
Анын айтымында, биологиялык активдүү кошулмалардагы азыктандыруучу заттарды тамак-аштан деле алууга болот. Бирок бардыгы эле балансталган тамакты жей бербейт.
"Күнүмдүк рационду пайдалуу деп эсептебеген учурда витамин менен микроэлементтерди толтуруу үчүн кошулмаларды ичүү жөндүү болушу мүмкүн", — деди адис.
Ал дарыгерлер деле айрым учурда бейтаптардын анализинин жыйынтыгын көрүп кошулмаларды жазып берген учурлар болорун айтты.
Серебренникова адатта эл кошулмалардын ичинен Омега 6 жана 9, А, Е жана C витаминдерин ичишерин, бирок анын суткалык нормасына жана курамына көңүл бурбай турганын билдирди.
"Балансталган диета организмге пайдалуу заттарды толтурганга жардам берет. Ал эми биологиялык активдүү кошулмаларды сунуштамасы жана ченеми жок иче берүү терс таасирин берип, онкологиялык ооруларга чейин алып келиши мүмкүн", — деди эксперт.
Дүкөндүн кычкыл сүт азыктары бөлүмүндөгү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Диетолог айран-сүт азыктарын туура тандап ичүүнүн жолун түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0