Тейитбектин зарлап жүрүп уулдуу болушу. "Курманбек" баянынан 11 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында артисттер. Архив
Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Жазылуу
"Манастан" соң элибиздин кенже эпосторуна өтүүнү чечип, "Курманбек" баянын баштап отурабыз. Жатык тил менен кара сөз түрүндө жазылган эмгек окурмандар үчүн ары түшүнүктүү, ары пайдалуу болот деген ниеттебиз.
Эрегиш. Калмак менен кыргыз-кыпчак чабышып, жер талашып чарпышып, кек куушуп кепке келбей, кезеги менен бирде бири жеңсе, бирде экинчиси жеңип, жеңгени жер жайытын, өрүш малын кеңитип, өктөм сүйлөп алымын алып, салыгын дагы салып, өз колун күчтөндүрүп турчу экен. Бүтпөс уруш атадан балага, алардын дагы кийинкилерине өтүп турган замандар тура. Бу эрегиш качан токтойт, ким токтотот, баш-аягы жок, ушинетип кеткени кеткен. Жигиттин баары курал кармап, жоого даярданып, катындын баары талгагы башталганда жараткандан урушка кирер эркек тилеп, бир күн эле тынч жаткан айыл түн бою кызыл уук болуп чабылып, айтору, өзүнчө бир алаамат кыргын замандар экен.
Тейитбектин муң-зары. Ошондой уул туулса той берер коогалуу кездерде кудай Тейитбекке перзент бербей какшатат. Анын ата-бабасы Сары-Жазык менен Эдил, Жайык, Сары-Тоону журт кылган эр кыпчактын тукуму экен. Шамал менен жарышып, эки мухит ортосун ээлеген Дашти-Талаанын ээси эр кыпчактын ооматы колдон кетип, нойгуту менен меркити, үркүтү менен төөлөсү, коңураты менен найманы, азы менен чаасы – ар уруусу туш тарапка тарап, чилдей ыркырап качып, каман түгүндөй бирикпес болуп ажыраган кезде кыргыз ичинен турак тааптыр.
Тейитбектин хан болушу. Ошол кыпчак ичинен суурулуп чыгып Тейитбек хандыкка жетет. Жазы дайра, Кара дайра бойлогон малы бар бай ошол малын чыңырып чыккан уулуна деп көбөйткөндөн көбөйтө берет. Туяк саны көбөйүп, мал-жандыгы жайылып, ботосу боздоп, жылкылары кишенеп, төөлөрү түмөндөп, чогулуп суу ичкени өзөнгө түшүп, дайраны бир келип жутса үйүр акырында калган малына бир ууртам да суу тийбей калчу экен. Казына толо жылтыр-жултуруна баа жетпейт, Анжиян базарын бербей дүкөндөрү жайнайт, бу жараткандын кургак жеринин шамалы менен шаркынан анын атын укпаган, анын баркын билбеген,.. анан анын арманын туйбаган пенде жок.
Тейит хан менен Зулайканын сүйүнүчү. Тейиттин Тейит хан болуп баркы көтөрүлүп, зоболосу зоого теңешип турганда кыркка барган аялы Зулайканын түн уйкусун бузуп бир күнү ичинен бир нерсе болк эткендей болот. Ыйлай берип каткан көздөрү, мазардан мазар кыдырып, ажы сапар жол жүрүп тилегин тилеги, Сулайман-Тоого барып сыйынган үмүтү бир жарк эткендей болот.
— Ичим эле болк эткендей болду да, байым, — дейт ал Тейит ханга.
Бу жарыктан жалгыз өтөм деп такыбалык кылып калган, дагы бир эки-жыл перзент үнүн укпасам дүйнө-мүлктүн баарынан качып, календер-дербиш болуп кетем деп жүргөн хандын жүзү албырып:
Зулайканы жан адамга көргөзбөй, хан сарайды Алайкуунун ысырыгы менен күндө ыштап, жапайы жандык этин гана берип, мейиздеп палоо бастырып, нак шорпого карк кылып, кымыздын кычкылын кошпой, буту-колун бош коюп, желпүүр менен желпип, ыр-күү менен ырабдайын ыраса кылып баккыла деп Умай энелерге дайындап, өзү болсо өргүү кылып куран түшүргөнү Бабаш-Атага кетет.
Түндү күн кууп, кайра күндү түн кууп, кыйла мезгил өтүп Тейит хан өргүп келгенде, Арстан-Бабанын мүрзөсүнөн шайыктардын ак батасын алып келгенде, Курман айт күнү бул жарык дүйнөгө жанда жок бир бала келет.
Балага ысым коюу. Жентек той.
– Курман айт күнү туулду, аты Курман болсун, - деп ак жегдечен, куу сакалы курсак ылдый түшкөн бир киши батасын берет да, көздөн кайым болот.
– Бул ким болду? Бул ким эле? – Купкуу мындай киши бу тарапта жок эле, Кокондон келген шайыкпы, Арслан-Атадан келген думанабы же Машырап дубананын өзүбү? – дешти карап тургандар.
– Кызыр экен! Кызыр! – деп чыгышты.
Жарданган көпчүлүк: жентек үмүт эткен хан кошчулары, кол курачу жигиттер, баары оозун ачып элейди, не кыларды билбей селейди, Курман атка макул болушту.
– Баланын өмүрү бек болсун! – деди ошондо калк карысы Токсонбай.
– Бек болсун! Бек болсун! Курмандын өмүрү бек болсун! Курман бек болсун! – деп жүзүнө бата тартып ийди көпчүлүк.
Курмандык деп Тейиткан миң бодону сойдуруп, беш миң койго бата тилетип, ага кошуп баланын жентеги деп миң карын май буздуруп, союшка дагы миң ноопазды коштуруп, дагы беш миң ирик тандатып, миң төөгө жүк болуп келген атлас, шайы, тукабаларды жайнатып, курмасын, жүзүмүн, анделек, коон-дарбызын сай ташындай санабай берип, Букар менен Оогандан, Чаткал менен Сайрамдан, Курдай менен Чүйдөн, Самаркан менен Ысыр-Көлөптөн билгендерин чакыртып, билбегени болсо да тартынбай келе берсин деп өз элине тогуз күн той берди. Жакындар кетип, алыстагылар чубап келе берди. Той токтободу. Анжияндан тартып, Кара-Алма ичи толуп, суук жактан келгендерге Гүл-Шаадан өргөө тиктирип конок берип, Курманбектин жентек тою кырк күнгө созулду.
Уламалардан хан ата уккан кеп. Ошол тойдо Тейитбек бир кеп укту. Мурда-кийин угуп жүргөн менен ишенбеген, бул бир улама-аңыз деген.
– Бу эле Ош үстүндө Папанда Чаар-Айгырдын көлү бар, ошол туптунук көлдө бир жапайы айгыр сүзүп жүрөт, ошол айгырдан качкан бээ бар дешет, бир жолу таң супа саадак салганда көл боюндагы үйүрдөн тушоодо турган бир бээ кишинеп эле тушоосун үзүп, көлдү карап жүрүп калды деп жылкычым айтып берди, – деп калды Папандан келген Бөрү бай.
– Ии, – дешти кеп улап отургандар.
– Анан жылкычы байкап жүрсө күн сайын ошентет экен. Ошол бээ үйүргө да кошулбай, айгырды жанына жолотпой, же дурустап оттобой, же бир суусун кандырып суу ичпей, көл жакты эле караганы караган экен. Жылкычы бир күн аңдып барат. Барса, кудай бетин салбасын, эки жылкы мойнуна мойнун артып, жалдары таңкы шамалда биригип, бир жал болуп, куйруктары кошулуп, бирде баштарын ийкегилеп, бирде көлдөн чыккан көркөмдүүсү жер тепкилеп, тушалуусу кош аяктап топурак чапчып, армандуу кишинеп,.. иши кылып кыйла турушат да, бири-бирин жалжал карап, бири көл ичине кирип кетет, жээктегиси көлдө сүзүп бараткан эми эле жанында турган түгөйүн кыйыла карап үйүргө кетет...
– Анан эмне болду? – Тейит хан жаткан ордунан козголду.
– Эмне болмок эле, ал бээ ошол айгырдан качкан деп жүрөбүз...
Ушул жоопту укканда Тейитбектин жүрөгү ордунан чыгып кете тургандай болуп болкулдап, жүзү албырып, бир күнү Папанга бармак болуп, лекин көп ичинде сыр алдырбай кеп тизгинин башка жакка буруп кетти...
Жылдар жылып, суулар агып Курманбек бешке толду. Баатырлыгы билинбейт, балбандыгы байкалбайт. Бир күнү эле кан ордодо тополоң түшүп, башка чарайна-соот кийинген, өңү суук, бети серт, тоодой болгон капкара ат минген көп киши келип, Тейит хан менен ары тартышып, бери тартышып, миң сан жылкы айдап, тоо ашырып алып кетти. Атасы Тейитти кара түн басканын бала туйду. Алым деп калмактар жылда ошентип мал алып кетчү. Ошондо атасы бүк түшүп, күнү-түнү уктабай өксүп-өксүп ыйлады, шарап ичип, хан тагына отурбай койду. Баланы кучактап айтканы Курманбектин эсинде элес-булас калды:
– Калмактар ордонун ырысын кетирди, уулум. Капырлар менен каруулашар күчүм калбады, уулум. Же бир элде жоо баштаар жигитибиз жок пачикиленип бүттүк, уулум. Кыргыз Ысар-Көлөп качып, Анжияндан ары өтүп, белибиз мертинди, уулум. Журтубуз канга толду, эркектин баары катын болду, уулум. Үзөңгү кагарым болор бекенсиң, уулум! Үмүттү актаарым, журтту сактаарым болор бекенсиң, уулум! Малым кетип майыштым, уулум, кубатым кетип кайыштым, уулум! Сен эми жоого кирер жолборс бол, арманым тыңшаар арстан бол, көйгөйүм угар көрөсөн бол, өчүмдү алар өбөгүм бол, жоо талкалаар жөлөгүм бол! Малымды түгөлдөп берер түркүгүм бол, жанымды коргоор чебим бол, артымда калган малым менен мүлкүмдү кармаар ээм бол! Басынган элди баштоочум бол, таланган байлыкты топтоочум бол, тозгон элди жоктоочум бол!
Ошондо Тейит кандын көзүнөн ылдый аккан жашын аарчып, көп нерсени түшүнбөй Курманбек атасынын кара сакалын ак аралап кеткенин көргөн, анан ошол жаш жууган сакалын сылап ойноп, көз жашын аарчып, уктап калган...
Бала онго келди. Баягыдай эле тозгон эл топтолбой, алык-салык күчөп турат. Тейитбектин бир кудайдан тилегени – баласын алык-салык жыйнагандар шыпырып кетпесе же майып кылып койбосо болду дегени. Канткен менен хан ордосу кооптуу боло баштады. Ичтен чыккан куйтулар көбөйдү. Хан ойлонуп-ойлонуп отуруп, баланы этияты-шарты деп жан адамга билгизбей, ханзаадалыгын туйгузбай ордодон алыс алып барып таштоону чечти...
Токой ичиндеги бала. Бу токой ичинде төбөңдү карасаң күн көрүнбөйт. Жаңгак ормону. Арбайган-тарбайган бутагынан бутак тууган, бариктери бартаңдай болгон, үстүндө не бир жапайы жандыктар, сан жетпеген парандалар турак кылган, боорлорундагы оюктарга асал аарылар ордо курган карт жаңгактар. Анан ошол жаңгактардын арасындагы оюкта эки адам жашайт. Ылдыйкы айылдыктардын коюн токойго алып барып баккан кишинин атын да, затын да эч ким билбейт, аны жөн гана Койчуман деп аташчу, а Койчумандын жанында пайда болуп калган баланын да аты-жөнүн, кайдан келгенин, неге келгенин да эч ким билбейт, мунун да аты жок, болгон аты – Бала. Ошол Койчуман менен Бала жаңгак оюгундагы тамына шыраалжындан калыңдап салып, түн киргенде укташат да, күндүз болсо кой артынан жүргөнү жүргөн. Түнү алардын тамынан асман бар экени түнт жаңгак бариктеринен элес-булас гана билине калып, анда-санда гана жарык жылдыздар көрүнбөсө, чоң дүйнө менен иши жок караңгы гөр сыяктуу кебелбес бир мекен. Анан булардын тамынын айланасы толо долоно, шилби, караган, чычырканак. Гүлдөрдүн жытын айтпа, жай бою буруксуганы буруксуган. Булар карагат, ит мурун, кожогат, алма, гилас, алча, жаңгак, жүзүм жеп алып эле курсагы ачпай жүрө беришет. Ысып кетсе шаркыратмага киринип алат, Бала өзгөчө кирингенди жакшы көрөт. Ошерден ак кар баскан тоо, көкмөк асман ажайып көрүнөт, каяккадыр булуттар каалгып өтөт. Ошол аппак ноода булуттарды көргөндө өзүнүн турагын, ошол турагындагы пахталарды эстейт. Ак кар баскан бийик тоонун кылда чокусуна чыккысы келет. Ошентип кыялын тоо тарапка карап агытып турганда эле Койчумандын Баланы же аяппы, же аны кетип калат деп коркуппу, айтор, көзү жашылданып, жашы тегеренет.
– Кетесиңби? – дейт ал Балага муңайым карап.
Бала болсо Койчуманды аяйт. Кеткиси келсе да кетем дебейт. Анда Койчуман жалгыз калат да. "Шык" дейт да, кайра шаркыратманын иримине чумкуйт.
Арстан-Бабада айбандар толтура, бирде баланын алдынан жолборс чыкса, бирде илбирси кезиге калат, мадыл менен аюусу болсо ормон ичине байыр, кара чаар кабыланы көздөн далдоо жүрсө, тойбосу менен тайбасы сейрек учурайт.
Анан булардан ушул шаркыратманы талашкан арстандын күрүлдөгөн үнү угулат. Бала да күрүлдөп коёт. Экөөнүн доошу окшош. Бир жолу суу жээгинде арстан менен Бала бет келди. Бири-бирин карап, бири-бирин небактан тааныгандай тура беришти, тура беришти. Койчуман жеңден тартса да баланын кетер түрү жок. Арстан бир топтон кийин артын карай эпең-эпең басып жоголду. Ошондон бери арстан менен Бала ушинтип үн алышып учурашып гана коюшат.
Баланын күчкө толушу. Койчуман менен Баланын ынтымагын көрө албай буларга бир думана келчү болду. Көрүнөт да, жок болот. Ар дайым Ай толгон түнү келет. Келет да, кетет. Неге келгенин, кайдан келгенин айтпайт. Болгону Арстан-Бабамдын кабырына тилебат кылганы алыстан келаткан бирөөмүн деп коёт.
Бала каруулуу болуп күчкө толду. Токойдогу жаңгактардын баарынын башына чыга алат. Мурда бир кыйласына чыга албай калчу. Азыр баарына чыгат. Кала берсе биринен бирине секирип, жерге түшпөй Койчуман үнү жетпес жерге чейин кетип калат. Илбирс менен кармашып, терисин сыйрыды, карышкыр муну көргөндө калтаарып качат. Азуулары арсайган, тырмактары орсойгон не бир жырткычтар баланын астында алсыз болду. Дарак башында аңдып туруп, учуп бараткан кушту канаттан алып ыргытат. Болгону ал жаңгак башына канчалык бийик чыкса да ак кар баскан чокудан башка алыс-алысты көрө албай койду. Кусаланды. Алысты – көрүнбөгөн жактарды көрүүнү самады. Койчуман болсо кой эсептетип келем деп жакага түшүп эки күн жатып келгенде да бул жаңгак боюндагы тамдан жылбайт.
Чаар жолборстун кол салышы. Ошондой бир күндө, Койчуман кой санакка кеткенде Баланын ниети бузулду. Алыстагы ак карлуу тоо кызыктырып туруп алды. Жөнөдү. Өрмөлөп-жөрмөлөп, желип-жортуп ак кардан арылбаган зоону карап баратты. Бара-бара жаңгак түгөнүп, караган-чер түгөнүп, шагылдуу тоого тырмышып, бир далайда ак карга жакын келип, алысты карады. Мына чексиз мейкиндик, токой түгөнгөн жерлер, алыс-алыс талаа-түздөр. Бала таштан ташка секирип дагы бийиктеп жөнөдү. Бир убакта оор бир нерсе капкара болуп келип эле басып калды. Бүткүл күчү менен Баланы жер тарапка ныгырып, Бала болсо таш үстүнө өбөктөй жыгылып, тиги опойгон чоң нерсенин алдында күн көрбөй думугуп баратты. Бүт денеси менен былкылдап, кубатын жыйнап, тиштенип көтөрсө да тигил көтөрүлөр эмес. Бир убакта Баланын көзү караңгылап, алы куруп, тоолор, таштар көчүп, асманда кандайдыр бир сырдуу жактарга жылчу сырдуу булуттар тездеп... Анан эле бир доош чыгып, айбаттуу үн аны коштоп, баланын бүт денесине кан жая берди.
Баланы дайым акмалап жүргөн дербиш-сакчы энтигип Бабаш-Атанын чокусуна бараткан Курманбекке бул тоолордун ээси чаар жолборстун кол саларын боолголоп турган. Бул жолборстон эч бир жандык, эч бир жырткыч кутулган эмес, ушун үчүн бул жакка мергенчилер да кем каттачу. Анан ал көзгө атар мылтыгын камдуу кармап, Балага көрүнбөй таштан таш бойлоп жүрүп отурган. Бала болсо шаңыраңдап, куулук менен иши жок, бийиктикке жетүүгө өрөпкүп чыгып бараткан...
Улуттук кийим кийген чабандестер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Баатырлардын соңку согуштары. Улуу баяндан 9 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0