Катуу суук түшпөйбү? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте паркта сейилдеп жүргөн айымдар. Архивдик сүрөт
Бишкекте паркта сейилдеп жүргөн айымдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Жазылуу
Дүйшөмбүдөн тарта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын токтоп, абанын температурасы жогорулайт.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек жана Чүй облусу

Бейшембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Жумага караган түнү жана эртең менен жамгыр жаайт. Ошол бойдон апта аягына чейин күн ачык болот.

Талас облусу

Бул аймакта дагы 11-октябрга чейин күн ачык болот.
12-октябрда тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-октябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Анын эртеси күн ачылат.

Ош облусу

9-октябрда тоолуу райондордо жаан жаайт, 10-12-октябрь күндөрү ачык болот. 13-14-октябрда айрым жерлерде жамгыр жаайт.

Жалал-Абад жана Баткен облустары

11-октябрга чейин күндүн көзү бузулбайт. 12-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаайт. 13-октябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолорго кар түшөт. Бирок күндүзү жана эртеси күн ачык болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

8-9-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт. 9-октябрда күндүз жана 10-12-октябрда жаан-чачын болбойт. 13-октябрда айрым жерлерде жааса, 14-октябрда күн ачык турат.
Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Радио
Кышкысын жарык кандай учурда өчүрүлүшү мүмкүн?
Жаңылыктар түрмөгү
0