КМШ өлкөлөрүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Кыргызстандын борбор калаасында саммит өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

12-13-октябрда Бишкекте студенттер да аралыктан окумай болду

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүСтудент аралыктан окуу учурунда. Архив
Студент аралыктан окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Бул күндөрү бала бакчалар да иштебейт.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 12-13-октябрда Бишкектеги билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган. Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Бала бакчалар иштебейт.
Эскерте кетсек, бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.
Эки күн Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрү автоунаалар үчүн дагы жабылат.
Электросамокаттарды ижарага алган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Бишкекте КМШ саммити учурунда электросамокаттарды ижарага алууга чектөө кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0