30 жаштан өткөндөн кийинки чарчаңкы абалды жөнгө салуунун жолу айтылды

© Фото / Pexels/ SHVETS productionЧарчаган кыз диванда отуруп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Чарчаган кыз диванда отуруп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, бул абал адамдын саламаттыгына эмес, жашоосундагы олуттуу эки өзгөрүүгө байланыштуу.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Физиотерапевт Владимир Бондаренко Sputnik радиосуна курган маегинде адамдар 30 жаштан өткөндөн кийин бат эле чарчап-чаалыгып каларын айтып кайрылышарын билдирип, мунун себебин түшүндүрдү.
Дарыгердин айтымында, бул абал адамдын саламаттыгына эмес, жашоосундагы олуттуу эки өзгөрүүгө байланыштуу болот. Биринчиден, 30 жаштан өткөндөр мурдагыга караганда чоңураак маселе-көйгөйлөрдү чечүүгө өтүшөт, экинчиден, бул курактан баштап кыймыл азаят.
"Бала бакчага барган учурда бала алты саатка жакын чуркап, ойнойт. Андан кийин мектепке барабыз, бул жылдардагы активдүү кыймыл төрт саатты түзөт. Жогорку окуу жайда кыймыл эки саатка жетет. Андан соң жумушка орношкондордун көбү бир аптада үч-төрт эле саат басышат. Ал эми 30 жаштан кийинки куракта көпчүлүгүбүздүн үй-бүлөбүз болот, демек, чоң адамдардын түйшүгүн тарта баштайбыз, башка дагы көптөгөн себептерден улам дене тарбиялык көнүгүү, активдүү кыймылдарды жасабай калабыз", — деп түшүндүрдү Бондаренко.
Адис шайдоот жүрүш үчүн ар мезгилге карата спорт менен алектенип, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап турууну сунуштады.
"Сиз кышкысын да, жайкысын да спорт менен алектенип турушуңуз керек. Мисалы, күн жылуу мезгилде велосипед тээп, көбүрөөк сейилдеп, туристтик жайларга барыңыз. Кышында лыжа, сноуборд тээп, кардан киши жасап ойноп, айтор, кыймылды көбөйтүү кажет. Мындай аракеттер 30 жаштан кийинки чарчоону алдын алууда жакшы натыйжа берет", – деди дарыгер.
Айланып жүргөн аксакал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти
Жаңылыктар түрмөгү
0