Конгрессвумен ХАМАС АКШнын Украинадагы куралын колдонгонун тактоого чакырды

© AP Photo / Abed Abu ReashПалестиналык согушкерлер Газа тилкесинде колго түшүрүлгөн Израилдин аскерий машинесинде жүрүшөт
Палестиналык согушкерлер Газа тилкесинде колго түшүрүлгөн Израилдин аскерий машинесинде жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Конгрессчи ХАМАС Израилге каршы колдонгон америкалык куралдардын сериялык номерлерин текшерүү зарылдыгын билдирди.
БИШКЕК, 9-окт. – Sputnik. Конгрессвумен Маржори Тейлор Грин ХАМАСтын америкалык куралдарды кайдан алып жаткандыгын, алар палестиналыктарга Афганстан менен Украинадан келип жаткан жокпу деп суроо салган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"ХАМАС Израилге каршы колдонгон америкалык ар бир куралдын сериялык номерине байкоо салып туруш үчүн Израиль менен биргеликте иштешибиз керек. Аны Афганстандан алып чыгып жаткан жокпу? Украинадан келип жатпады бекен? Эки вариант тең болушу мүмкүн", — деп жазган социалдык тармакка Тейлор Грин.
Ишембиде эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы үч миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди. Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишембиде Израилге каршы "Аль-Аксыдагы топон суу" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген. "Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда.
Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Богданов тараптарды кепке келип, согуш отун тутантпоого чакырды.
Израилдин аба күчтөрү Газа секторуна сокку урду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Израиль "40 Алеф" пунктун киргизип, расмий түрдө согуш жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0