Кыргызстан Израиль менен Палестинанын жаңжалына тынчсыздануусун билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив
Бишкектеги Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстан көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген Израиль менен Палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы 3 миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирген.
Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишембиде Израилге каршы "Аль-Аксы топон суусу" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.
Израилдин аба соккусунан кийин Газа тилкесин түтүн каптады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Латын америкалык АЛБА Палестина эли менен тилектештигин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0