Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстандык балдар Россиянын "Орлёнок" борборунда эс ала алышат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиянын "Орлёнок" эс алуу борбору
Россиянын Орлёнок эс алуу борбору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Эл алуу жайына 11 жаштан 16 жашка чейинкилер бара алышат.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балдар Россиядагы "Орлёнок" борборуна барып эс ала алышарын "Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин директору Жаркын Бапанова жана "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борборунун Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шамс Абдуллаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда сүйлөштү.
"Алтын түйүн" менен "Орлёнок" билим берүү, эс алуу жана балдардын саламаттыгын чыңдоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анын алкагында тажрыйба арттыруу үчүн адистер менен алмашуу жана мектеп окуучуларынын "Орлёнок" борборуна кыска мөөнөттүү сапарларын уюштуруу каралган.
© Sputnik / Асел Акмат"Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова
Директор Алтын туйун Жаркын Бапанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
"Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова
"Кийинки жайда "Орлёнокко" балдардын биринчи тобу барат деген үмүттөмүн. Алгач "Алтын түйүн" уюштурган сынактардан жеңгендерге басым жасайбыз, андан кийин конкурс жарыялашыбыз мүмкүн. Жеңүүчүлөр "Орлёнокко" барат. Жайында 21 күн, кыш мезгилинде 10-12 күн эс ала алышат", — деди Бапанова.
Балдар үчүн эс алуу эле эмес, билим берүүчү программалар да каралган.
"Билим берүүчү мейкиндигибиз кеңири, чыгармачыл аянтчалар, ошондой эле 1500 орунга ылайыкташкан амфитеатрыбыз бар. Бул жакка 11 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар келе алышат", — деди Абдуллаева.
Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда Россия менен КМШ мамлекеттеринин жалпы тарыхы — биргеликте өнүгүүнүн ресурсу аттуу Эл аралык тарых мектебинин салтанаттуу ачылышы өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Бишкекте Эл аралык тарых мектебинин иши старт алды
Жаңылыктар түрмөгү
0