Эки айга камалган Турсунтай Салимовду сот залынан тез жардам алып кетти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыпталуучу сот отурумунда. Архив
Айыпталуучу сот отурумунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Соттун чечими менен Салимов убактылуу тергөө абагында 9-декабрга чейин отурмакчы.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Фемида өкүлдөрүнүн чечими менен ал убактылуу тергөө абагында 9-декабрга чейин отурмакчы.
Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелүүдө.

"Биз дос болгон эмеспиз, мен андан (кримтөбөл Камчы Көлбаев – ред.) 18 жаш улуумун. Көлбаевдин кудасы да эмесмин. Пенсионермин, "Мадина" базарын салгам. Парламенттин депутаты болгондо башкы директорлукту өткөрүп бергенмин. Бирок расмий башкы директордун кеңешчиси болуп эсептелем”, — деди ал сотто.

Ал кримтөбөл Көлбаев менен жалпы бизнеси болбогонун айтты.
Сот учурунда экс-парламентарийдин абалы начарлап, аны Тез жардам кызматы алып кетти. Салимовдун кармалганы боюнча кечээ белгилүү болгон. Ал Көлбаевдин кудасы экени айтылган.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
УКМК Камчы Көлбаевдин кан кудасын кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0